Маанилүү сөздөр | БУЛ ДҮЙНӨ — Бакыт Акматов | Улуу Мурас #10

Сөзү: Нурак Абдыракманов Обону: Нурак Абдыракманов Аткаруучу: Бакыт Акматов Жарыкчылык өмүргө кимдер келип-кетпеген, Жаркыраган ааламга, ай, кимдер таазим этпеген. Тагдыр жолу — татаал жол, бирөөлөргө кепкенен, А бирөөгө азап менен арман-муңун чектеген, Туңгуюкка кептеген. Жаралганда дүйнөгө жаңжал салып ыйламай, Ал-кубатка келгиче ата-энени кыйнамай. Эрезеге жеткенде эл мүдөөсүн сыйлабай, Жаман адат күтөбүз – көр оокатты жыйнамай, эй, Кара жанды кыйнамай. Бул дүйнөнүн байлыгын жалгыз ээлеп алчу бар, Мансап үчүн эл-журтун, ай, курмандыкка чалчу бар. Адамзаттын ушулар, ай, убалына калчулар, Арабызда болбосунчу адамдыкты танчулар, ай, Акыр заман салчулар. Максат менен чырмайлы, эй, сүйүү менен чулгайлы, эй, Өмүрлөрдүн чак түшү, ай, алтын жаштык турбайбы, эй. Каран калсын көр оокат, кана, достор, ырдайлы, эй, Эл-журт болсо, биз болобуз, эл мүдөөсүн сыйлайлы, эй, Эркин ойноп жыргайлы, эй. Өткөн өмүр – качкан куш, канаттары дилдиреп, Гүл жайнаган бакчаңды күлүк мезгил бүлдүрөт. Жан дил менен барктайлы, ой, жаш күндөрдү үлбүрөк, Тагдырларга бөлүнгөн өмүр канча ким билет, эй, Бакыт канча ким билет. Кырчын жаштын кадырын кыярганда билерсиң, Кызыл өңдүн кадырын сен кубарганда билерсиң. Бар байлыктын кадырын, ай, чачылганда билерсиң, Бак-таалайдын кадырын сен качырганда билерсиң, ай, Басынганда билерсиң. Адал жүрөк, ак ниет алсыздарга шум дүйнө, Жан дүйнөсү бош калган, ай, наадандарга кур дүйнө. Кадырына жеткенге катасы жок бул дүйнө, Биз кетсек да калар жаркып дайым жапжаш бул дүйнө, ай, Дайым сулуу бул дүйнө. Жашоо – деңиз чалкыган, жарашыгы саймадай, Мүнөт санап өмүрлөр өтүп жатат байма-бай. Биз – кемечи калкыган, турмуш аккан дайрадай, Орду менен сүзөлүкчү, оң-тетири айдабай, Бактыбызды байлабай. Бир берилген бул өмүр бүтпөчүдөй ойлойсуң, Болбос ишке кор кылып, ай, оюнчуктай ойнойсуң. Шумкар болуп сызасың, ай, жылан болуп сойлойсуң, Миң-миң сырлуу бул өмүргө жүз жашасаң тойбойсуң, ай, Миң жашасаң тойбойсуң. Миң-миң сырлуу бул өмүргө жүз жашасаң тойбойсуң, ай, Миң жашасаң тойбойсуң.

« Кара Чоро » Жаңы дастан 2024- жыл. Улукбек Токтоболот уулу. 1- бөлүк.
▶︎

« Кара Чоро » Жаңы дастан 2024- жыл. Улукбек Токтоболот уулу. 1- бөлүк.

БАЛКЫМА — Улан Качкыналиев | Улуу Мурас #13
▶︎

БАЛКЫМА — Улан Качкыналиев | Улуу Мурас #13

«Атама апама окшош айылмысын»аткарган:Туратбек Тыныбеков
▶︎

«Атама апама окшош айылмысын»аткарган:Туратбек Тыныбеков

Нурак Абдрахманов - Бул Дүйнө
▶︎

Нурак Абдрахманов - Бул Дүйнө

Чыңгызхан.Тарыхтагы эң улуу жеңүүчү.  Толук чыгарылыш.
▶︎

Чыңгызхан.Тарыхтагы эң улуу жеңүүчү. Толук чыгарылыш.

Байдылда Сарногоев — “Мидинге кат” | 1-БӨЛҮК | Кавер
▶︎

Байдылда Сарногоев — “Мидинге кат” | 1-БӨЛҮК | Кавер

Өмүрзак Кайыпов "Көк сулуу", "Аккан суу"
▶︎

Өмүрзак Кайыпов "Көк сулуу", "Аккан суу"

Бакыт Акматов "Бул дүйнө"
▶︎

Бакыт Акматов "Бул дүйнө"

ЖАН СЕКЕТ - Өскөн Дүйшөнбиев жана Нурсултан Кадыралиев | Улуу Мурас #63
▶︎

ЖАН СЕКЕТ - Өскөн Дүйшөнбиев жана Нурсултан Кадыралиев | Улуу Мурас #63

Бегимай менен Раймаалынын айтышы (HD). "Махабат дастаны" тасмасынан.
▶︎

Бегимай менен Раймаалынын айтышы (HD). "Махабат дастаны" тасмасынан.

Өмүрзак Кайыпов - Көлөмдүү чыгармалар
▶︎

Өмүрзак Кайыпов - Көлөмдүү чыгармалар

Раймалы менен Бегимайдын айтышы
▶︎

Раймалы менен Бегимайдын айтышы

Жеңижоктун  Арстанбек акынга жолукканы. АРСТАНБЕК&ЖЕҢИЖОК.Арстанбек Буйлаш уулу Асылбек Маратов.
▶︎

Жеңижоктун Арстанбек акынга жолукканы. АРСТАНБЕК&ЖЕҢИЖОК.Арстанбек Буйлаш уулу Асылбек Маратов.

Өмүрзак Кайыпов - Көк сулуу
▶︎

Өмүрзак Кайыпов - Көк сулуу

Арстанбек Буйлаш уулу "АРСТАНБЕКТИН ТЕРМЕСИ" Асылбек Маратов.
▶︎

Арстанбек Буйлаш уулу "АРСТАНБЕКТИН ТЕРМЕСИ" Асылбек Маратов.

СЕНИ МЕНЕН - БАКЫТ АКМАТОВ ЖАНА НУРЖАН ТҮМӨНБАЕВА
▶︎

СЕНИ МЕНЕН - БАКЫТ АКМАТОВ ЖАНА НУРЖАН ТҮМӨНБАЕВА

Элдик таланттар/ ДАСТАН /Эненин арманы/ ыйлабай корунуз
▶︎

Элдик таланттар/ ДАСТАН /Эненин арманы/ ыйлабай корунуз

Аалы Туткучев✔.Аалынын жыйнагы.Бабалар жолу/Эгемендуулук/Ким эле Кыргыз ким болду/Ак кайын.
▶︎

Аалы Туткучев✔.Аалынын жыйнагы.Бабалар жолу/Эгемендуулук/Ким эле Кыргыз ким болду/Ак кайын.

Мыкты жигиттерден МЫКТЫ ЫР // уксаңыз эс аласыз чиркин
▶︎

Мыкты жигиттерден МЫКТЫ ЫР // уксаңыз эс аласыз чиркин

Кутман Садыбакасов Эгемен элге кайрылуу 2022
▶︎

Кутман Садыбакасов Эгемен элге кайрылуу 2022