ЖАН СЕКЕТ - Өскөн Дүйшөнбиев жана Нурсултан Кадыралиев | Улуу Мурас #63

ЖАН СЕКЕТ Сөзү, обону: Элмирбек Иманалиевдики Аткаруучулар: Өскөн Дүйшөнбиев жана Нурсултан Кадыралиев Жүткүнүп жетпес жүзүмбү, секет. Жүзүмдөй сенин жүзүңдөн, секет, Жүрөктү эзген үнүңдөн, секет. Капталда бышкан карагат, секет, Карагат сенин көзүңдөн, секет, Каймана айткан сөзүңдөн, секет. Өрөпкүп эми – өмүрдү жаштык, Өтөбүмбү сенсиз өмүрдөн, секет? Жаштык – бул: өзү жаздагы көчөт, Соолгону соолуйт, өскөнү өсөт. Жаш сүйүү деген – чагылган учкун, Өрт болсо өрттөйт, өчкөнү өчөт. Жомоктой өмүр – жолдогу бекет, Келгендер келет, кеткендер кетет. Кабылбайт кимге калтардай сулуу? Калгандар калат, жеткендер жетет. Жалын ой, жалын жаш күнүм, секет, Жайлообуз жашыл чак бүгүн, секет. Күтүүгө тутуу күйүттү билсең, Күүгөн чак келет бак гүлүн секет. Өмүрдө эң зор байлыгым менин: Өзүңө болгон ак сүйүүм, секет. Булактай үнүң эшилип, секет, Буралган боюң элестеп, секет. Буулуккан жүрөк эзилип бирде, Буркурап ийем сени эстеп, секет. Жолоочу болдум жоголгон жолдон, Жоготкон жазым келет деп, секет. Жашынгым келет жалгандан кээде, Жашоомду сага белек деп, секет. Жүрөккө жакын ынаксың, секет, Жүрөккө жаккан чыраксың, секет. Чарчасам жыпар саябан сенсиң, Чаңкасам мөлтүр булаксың, секет. Көрүнбөй жашап көзүмө бирок, Көңүлгө бекем кубатсың, секет. Көрүнбөй жашоо себебин, секет, Көп анча билбей келемин, секет. Чексизден өткөн тереңим, секет, Деңизден өткөн кененим, секет. Жүткүнүп жетпей тереңге, секет, Жүдөдүм мынча мен эмне, секет? Жүрөгүм менин өзүмдөн кетип, Жүрөбү сенин денеңде, секет? Чаңкасаң суунун таттуусу кандай, Чайкасаң уунун ачуусу кандай. Көл деген куунун арманы кандай, Көрбөгөн иштин жалганы кандай. Чөптөргө жаздын жамгыры кандай, Чөккөнгө жандын жалгызы кандай. Түндөсү түштө, күндүзү ойдо, Түнүлбөй жашайм түпөйүл жолдо. «Жаным эле, жаным, жаным» дейм сени, Жалбарткан бойдон жашырып койбо. Күлүк бир атта – күмүш бир така, Күйгөн бир чакта күйүт бир башка. «Ай секет, секет, секетим» дейин, Ак булбул болуп сен турган бакта. Ачылган каалга – жабылат билсең, Адамды адам сагынат билсең. Көөхарың бир тең, көк ташың бир тең, Көз барда дүйнө көрк берет билсең. Кагышкан таштын учкуну түшсө, Калдайган токой өрттөнөт билсең. Ачылган каалга – жабылат, секет, Адамды адам сагынат, секет. Акыйкат жашоо деп айтат баары, Аңдабайт, бирок неге айтат аны? Бакытты издеп көп айтат баары, Байкабайт, бирок неге айтат аны? Ааламды каптап баратат анын, Агарган эмес, карайган жагы. Ырдаган ырдайт, жүрөгү канайт, Ырдан да эч ким ала албай канаат. Бирөөлөр бизге табылбай калды, Бирөөлөр бизди табалбай калат. Бир гана менин сырдашым бүгүн: Бир тамчы жашым тып эткен барак. Автордун өздүк архивинен

КҮЙДҮМ ЧОК - Зайнидин Иманалиев | Улуу Мурас #60
▶︎

КҮЙДҮМ ЧОК - Зайнидин Иманалиев | Улуу Мурас #60

КАРЫНДАШЫМ - Кутман Садыбакасов | Улуу Мурас #52
▶︎

КАРЫНДАШЫМ - Кутман Садыбакасов | Улуу Мурас #52

Жаш таңдай/// Тандоо тур/// Мажит Жакыпов & Сыймык Искаков
▶︎

Жаш таңдай/// Тандоо тур/// Мажит Жакыпов & Сыймык Искаков

Жап-жаңы айтыш2026. Жамайка экөө жарды😂😂😂😂
▶︎

Жап-жаңы айтыш2026. Жамайка экөө жарды😂😂😂😂

АлИИ ЖАН СЕКЕТ REMIX (Элмирбек Иманалиев)
▶︎

АлИИ ЖАН СЕКЕТ REMIX (Элмирбек Иманалиев)

AI COVER | (Роза Аманова) Жар болдун кимге жанылып🎵жаныланган ыр #кыргызкавер #музыка #love
▶︎

AI COVER | (Роза Аманова) Жар болдун кимге жанылып🎵жаныланган ыр #кыргызкавер #музыка #love

Президент Ак-Талаада эл менен түз баарлашты (1-бөлүм)
▶︎

Президент Ак-Талаада эл менен түз баарлашты (1-бөлүм)

Айтыш. Аалы Туткучев - Женишбек Токтобеков
▶︎

Айтыш. Аалы Туткучев - Женишбек Токтобеков

ИСАНОВДУН ӨЛҮМҮ, КУМТӨРДҮН АЛТЫНЫ,ҮЙ-БҮЛӨЛҮК БИЙЛИК: АКАЕВ ДООРУНУН СЫРЛАРЫ / АСКАР АКАЕВ / PODCAST
▶︎

ИСАНОВДУН ӨЛҮМҮ, КУМТӨРДҮН АЛТЫНЫ,ҮЙ-БҮЛӨЛҮК БИЙЛИК: АКАЕВ ДООРУНУН СЫРЛАРЫ / АСКАР АКАЕВ / PODCAST

Արփեն Մովսեսյան Հայից Հայ - Գուսան Շահեն - 105
▶︎

Արփեն Մովսեսյան Հայից Հայ - Գուսան Շահեն - 105

ОЙ АЛТЫН - Акматбек Султан уулу | Улуу Мурас #56
▶︎

ОЙ АЛТЫН - Акматбек Султан уулу | Улуу Мурас #56

Акматбек & Минбара КЫЗ - ЖИГИТ АЙТЫШ 2026
▶︎

Акматбек & Минбара КЫЗ - ЖИГИТ АЙТЫШ 2026

ЭШМАМБЕТТИН САНАТЫ - Нурсултан Кадыралиев | Улуу Мурас #54
▶︎

ЭШМАМБЕТТИН САНАТЫ - Нурсултан Кадыралиев | Улуу Мурас #54

Байдылда Сарногоев — “Мидинге кат” | 1-БӨЛҮК | Кавер
▶︎

Байдылда Сарногоев — “Мидинге кат” | 1-БӨЛҮК | Кавер

Токтоналы Шабданбаев менен Ысмайыл Борончиевдин тамашалуу айтышы / Тууганбай Абдиевдин аткаруусунда
▶︎

Токтоналы Шабданбаев менен Ысмайыл Борончиевдин тамашалуу айтышы / Тууганбай Абдиевдин аткаруусунда

СРОЧНО! БУЛ ВИДЕОНУ ОЧУРГОНГО АРАКЕТ КЫЛЫП ЖАТЫШАТ!
▶︎

СРОЧНО! БУЛ ВИДЕОНУ ОЧУРГОНГО АРАКЕТ КЫЛЫП ЖАТЫШАТ!

Элмирбек Иманалиев. "Жаш секет" Асылбек Маратов.
▶︎

Элмирбек Иманалиев. "Жаш секет" Асылбек Маратов.

“Арстанбектен алп саптар”
▶︎

“Арстанбектен алп саптар”

Чагылган акын катуу аалым сабак курду......
▶︎

Чагылган акын катуу аалым сабак курду......

АМАНАТ - Калысбек Айтбаев | Улуу Мурас #55
▶︎

АМАНАТ - Калысбек Айтбаев | Улуу Мурас #55