БАЛКЫМА — Улан Качкыналиев | Улуу Мурас #13
Сөзү: Мирлан Самыйкожо Обону: Адрашит Бердибаевдин обонун негизинде Элмирбек Иманалиев иштеп чыккан Аткаруучу: Улан Качкыналиев Сезимим чочуй баштады, Сен кетчү тарап башкабы? Күбүлүп түшүп жалбырак, Күтпөйбү жазды баштагы. Эх, мезгил токто шашпачы, Эргүүмдү күбүп какпачы. Таң болуп келген сүйүүмдү, Чиркин, талкалап салбай сактачы. Тагдырда бар да айрыма, Таалайсыз кылып кайрыба. Жок кылгым келбейт эч качан, Чиркин, жомоктон мени айрыба. Дабышын укпай жүрөктүн, Далайдан бери жүдөпмүн. Кыйноого салып жанымды, Чиркин, кыйкырык салып сүрөпмүн. Көргөндө көзүм ачылды, Көксөгөн демим басылды. Жоодурап турган жамалың, Оо, балкым, жомокко мени чакырды. Жан дүйнөм балкып кубанды, Жакшы сөз, балким, угамбы? Жолуңуз башка деп айтып, Жүрөктү кылба уранды. Айласын таппай жанымдын, Алыска кетсең сагындым. Ызгаарын көрүп кусанын, Ысыгын сездим жалындын. Мейли, назары түшсүн жакшынын, Нурдансын жаркып жаштыгың. Тапшырдым көрүп койгун деп, Оо, балкым, таңына сени Аксынын. Сен бирок ичтен чыйрал да, Сүйүүңдү мага ыйгарба. Сооротуп жашат жөн гана, Сен мендей болуп кыйналба. Чок түшкөн өңдүү көсөлөм, Чочуба баарын көтөрөм. Батына албайм эч качан, Оо, чиркин, бар болгон үчүн көшөгөм. Сен болсо эркин уларсың, Зоокадан сайрап турарсың. Башкалар такыр түшүнбөс, Оо, балкым, боздогон үндү угарсың. Андайлар көптүр айылыңда, А бирок үндүү айрым да. Обдулса дагы жүрөгүң, Ошондо дагы кайрылба! Кандай жан болдум мен деги, Келбе деш оңой нерсеби, Кысылтып сени өзүмдөй, Кыйнагым келбейт мен сени. Сага эчак бакыт кезиккен, Сен деген жанды эшиткем. Сени эмес эми ар качан, Оо, балкым, сүйүүмдү жектейм кечиккен! Сени эмес эми ар качан, Оо, балкым, сүйүүмдү жоктойм кечиккен!

СЕЛКИНЧЕК Улан Качкыналиев жана Арууке Абдыкалыкова

Жаңы дастан 2024ж. «Эр Данил» Автор: Т. Жумаев. Аткаруучу: Ислам Кутманалиев.

ДҮНҮЙӨ - Коргол Досуев / АСЫЛБЕК МАРАТОВ

УЛАНДЫН УКМУШТАЙ СОНУН ЫРЛАРЫ, МУСА МЕНЕН АТАЙДЫН КАЙТАЛАНГЫС КАЙРЫКТАРЫ...

Өмүрзак Кайыпов - Көлөмдүү чыгармалар

Акын жандуу ырдады | САГЫНАМ — Акматбек Султан уулу | Улуу Мурас #11

Арстанбек Буйлаш уулу "АРСТАНБЕКТИН ТЕРМЕСИ" Асылбек Маратов.

🤣Нурсултан & Жамайка МЫКТЫ АЙТЫШ 2026!!!

СУЛУУГА - Суран Садыбакасов | Улуу Мурас #16

" Курманбек " ЭПОСУ. Ыйлаткан окуялар. Улукбек Токтоболот уулу.
![бейкапар жүргөн кезимде - улан качкыналиев [сооронбай жусуев]](https://i.ytimg.com/vi/ZukzlvzZLkI/hqdefault.jpg?sqp=-oaymwE9CNACELwBSFryq4qpAy8IARUAAAAAGAElAADIQj0AgKJDeAHwAQH4Af4JgALQBYoCDAgAEAEYWCBlKGUwDw==&rs=AOn4CLDeOlKBstpYb5-_k0f0xpCMrvEFrw)
бейкапар жүргөн кезимде - улан качкыналиев [сооронбай жусуев]

АМАНАТ - Калысбек Айтбаев | Улуу Мурас #55

Аалы Туткучев✔.Аалынын жыйнагы.Бабалар жолу/Эгемендуулук/Ким эле Кыргыз ким болду/Ак кайын.

Каныкей Раймалиева & Улан Качкыналиев - Раймалы менен Бегимайдын айтышы

Жеңижоктун Арстанбек акынга жолукканы. АРСТАНБЕК&ЖЕҢИЖОК.Арстанбек Буйлаш уулу Асылбек Маратов.

САГА — Аккыз Абазбекова | Улуу Мурас #4

ААЛЫ ТУТКУЧЕВ - ЖАЛКООЛУК ТЕРМЕСИ (lyrics) тексти менен

Элмирбек Иманалиев Ырлар жыйнагы Түбөлүк эсте калчуу ырлар

Селкинчек сиз жөнүндө - Улан Качкыналиев

