Садыр Жапаров казынага 200 миллиард акча кайтарган УКМКнын ишине баа берди.

Алгач Мамлекет башчысы УКМКнын борбордук аппаратынын жаңы административдик имаратынын инфраструктурасы менен таанышты. Ал кызматкерлердин иш бөлмөлөрүн, административдик залдарды, жыйын-залдарды, техникалык жайларды, ошондой эле кызматкерлердин эс алуу жана тамактануу жайларын көрүп чыкты. Андан соң Президент УКМКнын кызматкерлерине жана ардактуу ардагерлерине кайрылып, тез өзгөрүп жаткан дүйнө шарттарында улуттук коопсуздуктун мааниси болуп көрбөгөндөй артып жатканын белгиледи. Ал өлкөнүн туруктуулугун камсыз кылуу стратегиялык мамилени жана системалуу иштерди жүргүзүүнү талап кылаарын баса белгиледи. Садыр Жапаров жаңы имарат заманбап стандарттарга ылайык курулуп, кызматкерлердин натыйжалуу иштөөсү үчүн бардык шарттар менен жабдылганын өзгөчө белгиледи. Анда административдик залдар, иш бөлмөлөр, ашкана, спорт аянтчалары, көп кабаттуу унаа токтоочу жай жана башка заманбап инфраструктура элементтери каралган. Мамлекет башчысы УКМК конституциялык түзүлүштү, аймактык бүтүндүктү коргоо, терроризмге жана коррупцияга каршы күрөшүү, контрчалгындоо ишмердүүлүгүн жана аналитикалык иштерди жүргүзүү боюнча эң маанилүү милдеттерди аткарып, мамлекеттин ишенимдүү таянычы болуп калганын белгиледи. Президент кызматтын ардагерлерине өзгөчө көңүл буруп, алардын улуттук коопсуздук тутумун калыптандырууга жана өнүктүрүүгө кошкон салымын өзгөчө белгиледи. Ал чекисттердин бир нече муунунун жан аябас эмгегинин аркасында өлкөнүн улуттук коопсуздугу камсыздалганын, айрым учурларда кызматкерлер урунттуу милдеттерди чечүүдө өз өмүрүн кыйганын эске салды. Буга байланыштуу Садыр Жапаров маркум Жумабек Асанкуловду, Анарбек Бакаевди, Усуп Муканбаевди өзгөчө урмат менен эскерип, аларды Мекенге жан аябас кызмат кылуунун үлгүсү деп атады. Ал ошондой эле эмгек жолдору мекенчилдиктин үлгүсүнө айланган азыркы ардагерлер - Таштемир Айтбаев, Турар Рыскелдиев жана Зайырбек Юнусалиевдин сиңирген эмгегин белгилеп өттү. Ал Мамлекет башчысы катары улуттук коопсуздук маселелерине өзгөчө көңүл бурарын ырастады. Алсак, 2021-жылдан бери УКМК органдарын модернизациялоонун алкагында республика боюнча 94 объект, анын ичинде 73 административдик имарат, 7 бала бакча жана 14 социалдык турак жай имараты пайдаланууга берилген. Стратегиялык кадамдардын бири өлкөнүн генерал-лейтенант Анарбек Бакаев атындагы Улуттук коопсуздук академиясынын ачылышы болду. Ал белгилегендей, мурда адистер чет өлкөдөн даярдалып келсе, эми Кыргызстанда заманбап технологияларды жана иш ыкмаларын өздөштүрүү менен жаңы кадрлар даярдалат. Президент УКМКнын борбордук аппаратынын улуттук коопсуздук саясатын иштеп чыгуудагы жана жүзөгө ашыруудагы, анын ичинде глобалдык жана аймактык чакырыктардын шартындагы маанилүү координациялоочу ролун баса белгиледи. Ал УКМКнын борбордук аппаратынын мурдагы имараты 1983-жылы курулуп, кызматкерлердин бир нече муунуна көп убакыт кызмат кылганын эске салды. 2023-жылы материалдык-техникалык базаны модернизациялоо программасынын алкагында заманбап курулуш технологияларын колдонуу менен жаңы имараттын курулушу башталган. Жаңы комплексте натыйжалуу иштөө үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Мамлекет башчысы кызматкерлердин чечкиндүү аракеттеринин аркасында коррупцияга жана уюшкан кылмыштуулукка каршы айыгышкан күрөш ийгиликтүү уланып жатканын айтты. Натыйжада өлкө бюджетине 200 миллиард сомдон ашык каражат кайтарылып, экономиканын өнүгүшүнө чоң салым болуп калды. Ошондой эле мурда мыйзамсыз менчиктештирилген 1100дөн ашык кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөр мамлекетке кайтарылып, калктын кеңири колдоосуна ээ болду. «Улуттук коопсуздук - бул атайын кызматтардын гана иши эмес, бүтүндөй элдин, ар бир жарандын иши! Жаңы Кыргызстанды куруу ниетибизде бирдиктүү болсок, өлкөбүздүн коопсуз келечегин камсыздай алабыз. Ошондуктан, мен бардыгыңыздарды бул күч-аракеттерди көрүп, түшүнүп, колдоого чакырам!», - деп белгиледи соңунда Президент Садыр Жапаров. Акыркы жаңылыктар, кызыктуу видеолор Телеграм каналыбызда Катталыңыз 👇 Бөлүшүңүз https://t.me/azamatlive Ушул маалыматты окуп отурган ютуб каналыбызга да катталганды ( подписка) унутпаңыз. 👇    / @azamatlivekg   #кыргызстан​ #бишкек​ #бишкеккабар​ #акыркыкабарлар​ #новости​ #камчыбекташиев​ #садыржапаров​ #жогоркукенеш​ #жогоркукеңеш​ #azamatabdiev​ #azamatlive​ #азаматабдиев​ #тезкөр​ #тезкор​ #чүй​ #чуй​ #баткен​ #ош​ #жалалабад​ #талас​ #нарын​ #ысыккол​ #ысыккөл​ #ысыккуль​ #жаңылыктар​ #кабарлар​

Камчыбек Ташиев: "Шайлоого катышпайм, Садыр Жапаровду колдойм" | ЖАҢЫЛЫКТАР | 16.07.2026
▶︎

Камчыбек Ташиев: "Шайлоого катышпайм, Садыр Жапаровду колдойм" | ЖАҢЫЛЫКТАР | 16.07.2026

Тарыхта боло элек үй-бүлө айтыш😃.. Айсаба Базарбай кызы VS Нурсултан Абдикаримов
▶︎

Тарыхта боло элек үй-бүлө айтыш😃.. Айсаба Базарбай кызы VS Нурсултан Абдикаримов

МЭЭРИМ ОРУС КЫЗГА КЛАССТЫ КӨРСӨТТҮ! БУДАПЕШТТЕГИ МЕЛДЕШТИН ЧЕЙРЕК ФИНАЛДЫК БЕТТЕШИ...
▶︎

МЭЭРИМ ОРУС КЫЗГА КЛАССТЫ КӨРСӨТТҮ! БУДАПЕШТТЕГИ МЕЛДЕШТИН ЧЕЙРЕК ФИНАЛДЫК БЕТТЕШИ...

АБДЫЛДА ИМАНКУЛОВ // НАЗИРА ЖЕТИГЕНОВА // КУБИК КАЛЫКОВ // БИРИ КУУДУЛ БИРИ ЫРЧЫ КОНЦЕРТИ  3 ЧАСТЬ
▶︎

АБДЫЛДА ИМАНКУЛОВ // НАЗИРА ЖЕТИГЕНОВА // КУБИК КАЛЫКОВ // БИРИ КУУДУЛ БИРИ ЫРЧЫ КОНЦЕРТИ 3 ЧАСТЬ

Эмне үчүн ЦУМ мамлекетке өтүш керек? / Илим Карыпбеков / Exclusive Podcast
▶︎

Эмне үчүн ЦУМ мамлекетке өтүш керек? / Илим Карыпбеков / Exclusive Podcast

КЫТАЙДАГЫ КЫРГЫЗДАР КИМДЕР? | УЛУУ-ЧАТ КЫРГЫЗДАРЫ | ЫДЫРЫС ИСАКОВ
▶︎

КЫТАЙДАГЫ КЫРГЫЗДАР КИМДЕР? | УЛУУ-ЧАТ КЫРГЫЗДАРЫ | ЫДЫРЫС ИСАКОВ

Kamchatka: It’s not just about fishing and bears; it’s about unique people, nature, and cuisine.
▶︎

Kamchatka: It’s not just about fishing and bears; it’s about unique people, nature, and cuisine.

Киевдеги нааразылык: Зеленский туура эмес тандоо жасадыбы?
▶︎

Киевдеги нааразылык: Зеленский туура эмес тандоо жасадыбы?

КЫТАЙДАГЫ КЫРГЫЗДАР КИМДЕР? | АК-ЧИЙ КЫРГЫЗДАРЫ | ЫДЫРЫС ИСАКОВ
▶︎

КЫТАЙДАГЫ КЫРГЫЗДАР КИМДЕР? | АК-ЧИЙ КЫРГЫЗДАРЫ | ЫДЫРЫС ИСАКОВ

Северная охота: ошибки, которые могут стоить жизни
▶︎

Северная охота: ошибки, которые могут стоить жизни

NEW CHAMPION FROM KAZAKHSTAN | Shalbuz Esedullaev vs Kozhakhmed Imangali | OPEN FC | DRAMATIC FIGHT
▶︎

NEW CHAMPION FROM KAZAKHSTAN | Shalbuz Esedullaev vs Kozhakhmed Imangali | OPEN FC | DRAMATIC FIGHT

УКМК мурдагысынан 10 эсе чоң ЖАҢЫ ИМАРАТКА КӨЧТҮ
▶︎

УКМК мурдагысынан 10 эсе чоң ЖАҢЫ ИМАРАТКА КӨЧТҮ

КЫРГЫЗСТАНДЫН ЖЕРИ ЭЛГЕ ЖЕ ЧЕТ ЭЛДЕРГЕБИ? | Айт Айт Десе | Атайын репортаж
▶︎

КЫРГЫЗСТАНДЫН ЖЕРИ ЭЛГЕ ЖЕ ЧЕТ ЭЛДЕРГЕБИ? | Айт Айт Десе | Атайын репортаж

Qimorda yutulgan sevgi 2 (o'zbek kino) Қиморда ютулган севги 2 (ўзбек кино)
▶︎

Qimorda yutulgan sevgi 2 (o'zbek kino) Қиморда ютулган севги 2 (ўзбек кино)

САДЫР ЖАПАРОВ УКМКнын ЖАҢЫ АДМИНИСТРАТИВДИК ИМАРАТЫН АЧТЫ
▶︎

САДЫР ЖАПАРОВ УКМКнын ЖАҢЫ АДМИНИСТРАТИВДИК ИМАРАТЫН АЧТЫ

"Үндэсний их баяр наадам"-ын нээлт-2026
▶︎

"Үндэсний их баяр наадам"-ын нээлт-2026

МЫСКЫЛ жана ТАМАША   куудул  БОРОНЧУ КУДАЙБЕРГЕНОВ  менен  2-чыгарылышы
▶︎

МЫСКЫЛ жана ТАМАША куудул БОРОНЧУ КУДАЙБЕРГЕНОВ менен 2-чыгарылышы

Коррупциянын символу болгон Түндүк-Түштүк альтернативдик жолун көйгөйү
▶︎

Коррупциянын символу болгон Түндүк-Түштүк альтернативдик жолун көйгөйү

Has China taken over Kyrgyzstan?
▶︎

Has China taken over Kyrgyzstan?

Сарамжалдуулук бар жерде — береке бар | Калысбек Заманбеков | Zaman Podcast
▶︎

Сарамжалдуулук бар жерде — береке бар | Калысбек Заманбеков | Zaman Podcast