Сарамжалдуулук бар жерде — береке бар | Калысбек Заманбеков | Zaman Podcast
Бүгүнкү биздин “Заман” подкастыбызда көпчүлүктүн сурануусу менен кайрадан конок катары “Аль-Азхар” Ислам университетинде докторантура багытында илим алып жаткан, коомдук, диний ишмер, Чубак ажы устазыбыздын шакирти Калысбек Заманбеков устазыбыз. Биз конокторубуз менен ар дайым пайдалуу жана маңыздуу маек курганы аракет кылабыз. Бүгүн дагы биздин коногубуз менен төмөнкү маанилүү темаларды талкууладык: Тамактануу: адал жана арам тамак; тамактын адептери; тамактын дубага, руханиятка берген таасири; фаст-фуд тамактарынын зыяндыгы; кармин жана башка кошумчалар; сигарет жана кальяндар тууралуу. Көркөм адеп-ахлак: кооз адеп-ахлак деген эмне; мусулман кандай сыпаттарга ээ болуш керек; чыныгы момун мусулмандын портрети кандай. Жүрөк оорулары: кандай жүрөк оорулары бар; аларды кантип аныктайбыз; алардан айыгууу жолу кандай; көралбастыктын жашоого таасири; Пайгамбарыбыз (САВ) азыркы абалыбызды көрүп эмне демек. Ушул жана дагы башка темалардын тегерегинде маек курдук. Баарыңыздар үчүн пайдалуу жана кызыктуу болот деген үмүттөбүз. Подкастты жакындарыңыз менен бөлүшүүнү унутпаңыз. Жакшы иштерге себепчи бололу. Таймкоды: 0:00 – Тизер 01:31 – Башталышы 03:03 – Ислам динибизде тамактанууга өзгөчө көңүл бурулат 04:50 – Адамдын руханий абалына адал же арам тамактын таасири 09:30 – Жеген тамак адамдын мүнөзүнө таасирин тийгизеби 13:45 – Пайгамбарыбыздын (САВ) тамактагы адептери 21:55 – Ашыкча тамактануу боюнча динибиз эмне дейт 30:10 – Фаст-фуд тамактарынын зыяндары 34:14 – Адал же арам тамактын дубанын кабыл болушуна кандай таасирин тийгизет 37:20 – Балдарыбызга адал жана таза тамактанууну кантип үйрөтө алабыз 38:40 – Кармин жана башка кошумчалар тууралуу 43:55 – Тамактанууда эң көп кетирген каталар кайсылар 46:00 – Сигарет жана кальяндар тууралуу 50:20 – Көркөм адеп-ахлакты динибизде кандай түшүнсөк болот 56:15 – Чыныгы мусулман кандай сыпаттарга ээ болуш керек 1:03:30 – Кандай ахлактык сапаттарды жоготуп жатабыз. 1:10:53 – Сүйлөгөн сөздүн ахлактары 1:13:05 – Социалдык тармактардын азыркы күндөгү таасири 1:16:35 – Чыныгы момун мусулмандын портрети 1:17:45 – Жүрөк оорулары 1:21:25 – Жүрөктү тазалоо ыкмалары 1:25:10 – Көралбастык адамдын жашоосуна кандай таасирин тийгизет 1:27:35 – Пайгамбарыбыз (САВ) жакшы көргөн сыпаттар 1:30:00 – Пайгамбарыбыз (САВ) биздин абалыбызды көрүп эмнебизге кубанып, эмнебизге кейимек 1:34:05 – Жыйынтыктоо Каналга катталып, жакындарыныз менен белушуп, жакшы ишке салым кошунуз. Сиздерди терен урматтоо менен подкасттын алып баруучусу Денис Пышкин жана Нурсултан Майназаров болду. Production: Antares Creative Group antares_group Биздин Instagram: denis_ajy nursultan_mainazarov zaman_podcast

Адамдар эмнеге бири бирине ишенбей калды? | Максат Таласбаев | Zaman Podcast

БИЗ МОЛДОЛОР ЖАМАНБЫЗ. Ачуу подкаст. Эрмек Тынай уулу

КЫТАЙДАГЫ КЫРГЫЗДАР КИМДЕР? | АК-ЧИЙ КЫРГЫЗДАРЫ | ЫДЫРЫС ИСАКОВ

ЖҮРӨКТҮН БУЗУЛУШУ 6 НЕРСЕДЕ | БААРЫН ӨЗГӨРТҮҮНҮ ЖҮРӨКТӨН БАШТАҢЫЗ! ТҮП РАЙОНУ, САРЫ-КӨЛ АЙЫЛЫ

Эмне үчүн ЦУМ мамлекетке өтүш керек? / Илим Карыпбеков / Exclusive Podcast

БААРДЫК ЖАМАН НЕРСЕ ТИЛИҢДЕН БОЛОТ! ТИЛИҢДИ ЖАКШЫЛАП ТЫЙ!

If Elon Musk Can Do It, We Can Too | Arman Toskanbaev | Ernis Kyiaz Podcast

Light on the Tongue, Heavy on the Scale: Beneficial Dhikr and Duas for this World and the Hereaft...

Эки жүздүүлүк өлүмгө алып барат… | Максат Таласбаев | Накта Подкаст

Орозо кандай пайда берет? | Максат Таласбаев | Zaman Podcast

Пайгамбарыбыз сунуштаган 3 нерсе | Максат Таласбаев | Zaman Podcast

Ажырашуулар эмнеге көбөйдү? | Калысбек Заманбеков | Zaman Podcast

Кыргыз баюудан мурда ойгонушу керек | Максат Муктаров | Ernis Kyiaz Podcast

СУРОО-ЖООП 27.06.2026 | КАЛЫСБЕК ЗАМАНБЕКОВ

Sixirkii loosameeyay indhaheedeey ku aragtay ALxamduliLaah.

КЕДЕЙЛІК ТАҒДЫР ЕМЕС | ЖОМАРТ КЕРШЕЕВ, ШОҢ ӨМЕН | СҰРА ДА БІЛ

Ырыскыны кайдан издөө керек? | Максат Ажы Токтомушев | Накта Подкаст

ЖАШООҢДО КЫЙЫНЧЫЛЫК КӨП БОЛУП ЖАТСА,ОТУРУП АЛЫП УШУЛ ДУАНЫ КЫЛ!

Аалы Туткучев кайда жоголду? | Zaman Podcast

