Асанбек Кыдырназаровдун аткаруусунда Кыдыр акенин "Төгөчү" күүсү.
Жайбы же күзбү, бир жолу улгайып калган Кыдыр аке байбичеси Маана (ал кадимки Тилекмат акенин кызы болгон) экөө дөңдө отурса, маңдайда түздөн ат жарыштырып куушкан жигиттер чыгат. Алардын ичинен бир жигит тимеле куюндай зымырап, башкаларга жеткирбей тай чабым алдыга кетет. “Бали, азаматтын азаматы экен, ат кулагы менен тең ойногонун кара, аты да, өзү да куп келишиптир. Бул ким болду экен?” – деп катуу суктанат. Анда байбичеси: “Ботом, ушинтип да айтчу беле. Карып бараткансың го. Ал – өз балаң Төгөчү эмеспи!” – дейт. Антсе: “Ай, түгөнгүрдүкү, көз кургур бүлбүлдөп тааныбай калган турбайымбы. Эми болбой калды, болбой калды...” – деп Кыдыр аке санын чаап, жерди бир муштаган экен. Уулуна көзү тийип калганын сезет. Ошол эч кимге караандатпай, ат кулагы менен тең ойногон жигит Төгөчү деген жакшы көргөн уулу болуп, ошондо 18де экен. Үйгө кайтып, төрдө Кыдыр аке бушайман ойго батып отурса, күңгөйдөн Садыр аке баштаган бир топ киши келип түшөт. Жолоочу болуп баратышса керек, учураша кетели деп кайрылгандарын айтышат. Демек, убакыт чектелүү. Антсе да, конок камы жасалып, жараган чоң ирик союлуп, аркы-берки кептерди сүйлөшүп отурушат. Аңгыча жигиттеринин бири кирип, Кыдыр акеге Төгөчү ат чабыштан келип эле онтоп жыгылып, өргөөсүндө чабалактап кыйналып жатканын шыбырайт. Уулуна көзү тийгенин анык түшүнүп, ошентсе да, конокторго эч сыр алдырбай, кайран киши жигитке бара бер дегендей ишарат жасайт. Эт бышып, табак тартылаар маал келет. Колго суу куюлуп, алдыга дасторкон жайылат. Ошондо, баягы жигит кайра кирип, Төгөчү жаңы эле үзүлүп кеткенин шыбырайт. Кыдыр аке аны менен сыртка чыгып: “Эч чуулдабагыла, жоктоп өкүрүк салбагыла, болоор иш – болуптур, эми коноктор тынч аш жеп, тынч узасын. Ошондон кийин өкүргүлө”, - деп тапшырып, үйгө кайра эч сыр алдырбай кирет. Эт желет, бата тиленип, колго суу куюлат. Коноктор аттанмакчы болгондо, Кыдыр аке аярлай тургула дегендей обдулуп, керегеге илинген комузун алып, ойлуу калыпта кандайдыр сырдуу күү чертет. Анын эмне күү, эмне арман белгиси экенин даанышман Садыр акеден башкалар сезбейт. Коноктор аттанып жөнөп кетишет. Аттангандан үн катпай келаткан Садыр аке бир топ жерге узап калганда жанындагыларга кайрылып: “Силер байкабадыңар. Кыдыр эмне күү чертти – туйбадыңар. Башына чоң мүшкүл түшүп – жандай көргөн баласы өлгөн турбайбы, мындайда болчубу, кайра артка кайталы, үйүнө “боорум” деп бөйрөк таянып өкүрүп баралы”, - деп ат оозун бурдуруп, жабыла өкүрүп түшүшкөн экен. Төгөчүгө ошондон кийин чуу чыгат. Кайран кишилер, кайран даанышмандар! Бири – өзү акылын да, элдик кишилик курчтугун да өзгөчө сыйлаган Садыр аке тынч даам татсын, тамак үстүндө капага салбайын, көңүлүн бузбайын, укса, ат үстүндө уксун деп өз уулунун өлгөнүн да дароо айтпай жашырса, экинчиси - ал кайгы, ал арманды туюк сыр менен черткен алиги күүсүнөн эле сезип коюп жатпайбы. Кыдыр акенин алгач Садыр акеге угузганы – эч даярдыксыз, эч маштоосу жок чыгарган ошол күүсү элде “Кыдырдын арман күүсү” деп да, “Төгөчү күү” деп да аталат.

Какен Алмазбековдун кечеси казынадан

Асанбек Кыдырназаров - Кыргыз Көчү (Самара Токтакунованын аткаруусунда)

КОМУЗЧУ ЗАКИРБЕК АГАЙДЫ МЕН ЮТУБТАН ЭЛЕ КӨРГӨМ

Кыдыр акенин күүлорү

БОРОНЧУ КУДАЙБЕРГЕНОВ МЕНЕН ГУЛЗАТ ААЛИЕВА (ДЕБАТ) - ЭКООНУН КИМГЕ СЫЙЫНААРЫ БИЛИНДИ

Токтоналы Шабданбаев менен Ысмайыл Борончиевдин тамашалуу айтышы / Тууганбай Абдиевдин аткаруусунда

Кыйын доордун инсаны Кыдыр аке

🤣Нурсултан & Жамайка МЫКТЫ АЙТЫШ 2026!!!

Улутман: "Ысык-Көлдүн жети акесинин бири - Кыдыр аке"

"КАРАГУЛ БОТОМ" Кыргыз эл дастаны.Мээрим Карыпованын аткаруусунда.

"Ак-Бакай" күүсү. Болуш Мадазимовдун аткаруусунда

Кылым карыткан кыргыз күүлөрү / Көкөй кести, Аттила хан, Өксүк, Эне жүрөгү

Алымкулдун Токтогулга алгачкы жолу жолукканы / Замирбек Үсөнбаев

Санжыра: Ысык Көлдүн жети акесинин бири - Кыдыр аке

Komuz/Asanbek Kydyrnazarov/ Асанбек Кыдырназаров -Төгөчүнүн күүсү

Жеңишбек Жумакадыр менен Идирис Айтибаев Ысык-көл 2014

Калмыцкие народные песни исполняет Кутлан Мукубенов - Live (в живую) / Хальмг олн-әмтнә дууд

Болуш Мадазимов - Сарынжы Бөкөй

НУРЗАТ ОРОЗАЛИЕВА - "ИБАРАТ"

