АлИИ ЖАН СЕКЕТ REMIX (Элмирбек Иманалиев)

Жан секет С.О. Элмирбек Иманалиев Жүткүнүп жетпес жүзүмбү – секет Жүзүмдөй сенин жүзүңдөн – секет... Жүрөктү эзген үнүңдөн – секет... Капталда бышкан карагат – секет, Карагат сенин көзүңдөн – секет... Каймана айткан сөзүңдөн – секет... Өрөпкүп эми өмүрдө жаштык Өтөмбү сенсиз өмүрдөн – секет? Жаштыгың – бул өзү жаздагы көчөт, Соолгону – соолуйт, өскөнү – өсөт. Жаш сүйүү деген чагылган учкун, Өрт болсоң өрттөйт – өчкөнү – өчөт. Жомоктой өмүр – жолдогу бекет, Келгендер – кетет, кеткендер – келет. Келгендер – келет, кеткендер – кетет. Жалын ай жалын жаш күнүм – секет, Жайлообуз жашыл чак бүгүн – секет. Күтүүгө – түтүү күйүттүү билсең Күүгөн чак келет бак гүлүн секет. Өмүрдө эң зор байлыгым менин Өзүңө болгон ак сүйүүм секет. Булактай үнүң эшилип – секет, Буралган боюң элестеп – секет, Буулуккан жүрөк эзилип – бирде, Буркурап ийем сени эстеп – секет. Жолоочу болдум – жоголгон жолдо Жоготкон жазым... келет деп – секет... Жашынгым келет жалгандан кээде Жашоомду сага белек деп – секет! Жашоомду сага белек деп – секет! Жүрөккө жакын ынаксың – секет. Жүрөккө жаккан чыраксың – секет. Чарчасам жыпар саябан сенсиң Чаңкасам мөлтүр булаксың секет. Көрүнбөй жашап көзүмө – бирок. Көңүлгө бекем кубатсың – секет. Көрүнбөй жашап себебин, себеп Көп анча билбей келемин – секет. Чексизден өткөн тереңим – секет. Деңизден өткөн кененим – секет. Чексизден өткөн тереңим – секет. Жүткүнүп жетпей тереңге – секет, Жүдөдүм мынча мен эмне – секет?! Жүрөгүм менин өзүмдөн кетип Жүрөбү сенин денеңде – секет?! Чаңкасаң суунун таттуусу кандай… Чайкасаң уунун ачуусу кандай. Көл деген куунун арманы кандай. Көрбөгөн иштин жалганы кандай Чөптөргө жаздын жамгыры кандай Чөккөнгө жандын жалгызы кандай… Түндөсү – түштө, күндүзү – ойдо, Түңүлбөй жашайм түпөйүл жолдо. Жаным эле, жаным, Жаным дейм сени Жалбарткан бойдон жашырып койбо. Күлүк бир атта күмүштөн така Күлгүн жаш чакта – күйүт бир башка. Айсекет.., секет, секетим дейин Ак булбул болуп сен турган бакта. Ачылган каалга жабылат – билсең, Адамды адам сагынат – билсең, Көөхарың бир тең көк ташың бир тең Көз барда дүйнө көрк берет билсең. Кагышкан таштын учкуну түшсө Калдайган токой өрттөнөт – билсең... Ачылган каалга жабылат – билсең, Адамды адам сагынат – билсең, Акыйкат жашоо деп айтат баары Аңдабай бирок неге айтат аны. Бакытты издеп келатат баары Байкабайт бирок неге айтат аны. Ааламды каптап баратат АНЫН Агарган эмес карайган жагы. Ырдаган ырдайт жүрөгү канап Ырдан да эч ким алалбайт канаат. Бирөөлөр бизге табылбай калды Бирөөлөр бизди табалбай калат. Бир гана менин сырдашым бүгүн Бир тамчы жашым тып эткен барак… Бирөөлөр бизге табылбай калды Бирөөлөр бизди табалбай калат. Бир гана менин сырдашым бүгүн Бир тамчы жашым тып эткен барак…