Чолпон-Атада Бирдиктүү коопсуздук кызматынын гарнизондук бөлүштүрүүсү болуп өттү

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында туристтик сезондо коомдук тартипти сактоо жана коопсуздукту камсыздоо ошондой эле мүмкүн болгон өзгөчө кырдаалдарга ыкчам чара көрүү үчүн тартылган Бирдиктүү коопсуздук кызматынын күчтөрүнүн жана каражаттарынын гарнизондук бөлүштүрүүсү өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев, Ички иштер министри, милициянын генерал-полковниги Улан Ниязбеков, мамлекеттик органдардын жана кызматтардын жетекчилери жана өкүлдөрү катышты. Экологиялык коопсуздукту жана жаратылышты коргоону күчөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тескемеси менен 2025-жылдын мартында Бирдиктүү коопсуздук кызматы түзүлгөн. Ага Ички иштер министрлиги, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Саламаттыкты сактоо министрлиги, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги, ошондой эле Транспорт жана коммуникациялар министрлиги кирген. Гарнизондук кароо учурунда Бирдиктүү коопсуздук кызматынын бөлүмдөрүнүн эс алуу жайларында, туристтик инфраструктура объектилеринде жана эл көп эс алган маршруттарда коомдук тартипти, жарандардын жана туристтердин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча коюлган милдеттерди аткарууга даярдыгы текшерилди. Иш-чаранын катышуучуларына жарандардын жана өлкөнүн конокторунун коопсуздугун камсыз кылуу, ошондой эле тоолуу аймактарда, Ысык-Көлдүн акваториясында жана жаратылышты коргоочу аймактарда кызмат өтөө үчүн колдонулуучу атайын техниканын жаңы үлгүлөрү, кызматтык автотранспорт, мототехника, суудагы кайгуул каражаттары жана заманбап жабдуулар көрсөтүлдү. Туристтик-экологиялык милиция бөлүмдөрүнүн ишмердигине өзгөчө көңүл бурулду. Жетүүгө кыйын тоолуу райондордо, жаратылышты коргоо зоналарында жана туристтик маршруттарда кызмат өтөгөн атчан бөлүмдөр көрсөтүлдү. Алардын ишмердиги коомдук тартипти сактоого, укук бузуулардын алдын алууга, браконьерлик фактыларын, балыкты мыйзамсыз кармоону жана жапайы жаныбарларды сактоого, ошондой эле жаратылыш ресурстарын жана экосистемаларды коргоого багытталган. Иш-чаранын өзгөчөлүгү ушул сыяктуу гарнизондук тизилүүлөр бир эле учурда өлкөнүн бардык аймактарында өткөрүлдү. Алардын жүрүшү бирдей убакыт режиминде LED-экрандарда көрсөтүлүп, өлкө боюнча күчтөрдүн жана каражаттардын даярдыгын көрсөтүүгө мүмкүндүк берди. Ички иштер министри, милициянын генерал-полковниги Улан Ниязбеков туристтик сезон учурунда коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, жарандардын укуктарын коргоо, тартип бузууларды алдын алуу жана эс алуучулар үчүн коопсуз шарттарды түзүү ички иштер органдарынын артыкчылыктуу милдеттеринин бири экендигин белгилеп өттү. ИИМдин Басма сөз кызматы

Чолпон-Атада бирдиктүү коопсуздук кызматынын гарнизондук бөлүштүрүүсү болуп өттү
▶︎

Чолпон-Атада бирдиктүү коопсуздук кызматынын гарнизондук бөлүштүрүүсү болуп өттү

Manas Airport has changed beyond recognition // A new era
▶︎

Manas Airport has changed beyond recognition // A new era

Brazil vs. Morocco Highlights FIFA World Cup 2026 | Sportschau
▶︎

Brazil vs. Morocco Highlights FIFA World Cup 2026 | Sportschau

Modern video surveillance systems are being actively used as part of the "Safe Country" project
▶︎

Modern video surveillance systems are being actively used as part of the "Safe Country" project

Six former employees, led by Eldar Zhakypbekov, remain in prison | News | 12.06.2026
▶︎

Six former employees, led by Eldar Zhakypbekov, remain in prison | News | 12.06.2026

Garrison deployment of the Unified Security Service
▶︎

Garrison deployment of the Unified Security Service

"Келинсиңби кылышың керек деген туура эмес"-дейт Гулшан Молдоева
▶︎

"Келинсиңби кылышың керек деген туура эмес"-дейт Гулшан Молдоева

"Sky City": Ambitious project, warning from environmentalists
▶︎

"Sky City": Ambitious project, warning from environmentalists

Great idea! A chainsaw bike that will blow your mind
▶︎

Great idea! A chainsaw bike that will blow your mind

18 ЖАШЫНДА КЕЛИП, МЕНИН МЕКТЕБИМДИ БҮТҮРГӨН ЖУБАЙЫМ
▶︎

18 ЖАШЫНДА КЕЛИП, МЕНИН МЕКТЕБИМДИ БҮТҮРГӨН ЖУБАЙЫМ

NERVOUS 12-Year-Old Who Can Sing Without Opening Her Mouth Earns Mel B's GOLDEN BUZZER!
▶︎

NERVOUS 12-Year-Old Who Can Sing Without Opening Her Mouth Earns Mel B's GOLDEN BUZZER!

Welcome to hell: Inside the Colorado supermax prison
▶︎

Welcome to hell: Inside the Colorado supermax prison

Коррупциянын символу болгон Түндүк-Түштүк альтернативдик жолун көйгөйү
▶︎

Коррупциянын символу болгон Түндүк-Түштүк альтернативдик жолун көйгөйү

Кыргызстанда мас абалында транспорт каражатын башкаруу үчүн жоопкерчилик күчөтүлдү
▶︎

Кыргызстанда мас абалында транспорт каражатын башкаруу үчүн жоопкерчилик күчөтүлдү

Туристтик сезондо экологиялык коопсуздук башкы орунда
▶︎

Туристтик сезондо экологиялык коопсуздук башкы орунда

"CRUISER"... POLICE SUMMER VEHICLES REVEALED
▶︎

"CRUISER"... POLICE SUMMER VEHICLES REVEALED

Georgian Prime Minister Irakli Kobakhidze arrives in Kyrgyzstan
▶︎

Georgian Prime Minister Irakli Kobakhidze arrives in Kyrgyzstan

An official meeting ceremony between Sadyr Japarov and Irakli Kobakhidze took place
▶︎

An official meeting ceremony between Sadyr Japarov and Irakli Kobakhidze took place

Ахбори Тоҷикистон ва ҷаҳон (11.06.2026) اخبار تاجیکستان )
▶︎

Ахбори Тоҷикистон ва ҷаҳон (11.06.2026) اخبار تاجیکستان )

ЗАРДАЛЫ БАЯНЫ:НЫШАНБАЙ КЕСКЕН ТАШ| АКМАТБЕКТИН ТООСУ
▶︎

ЗАРДАЛЫ БАЯНЫ:НЫШАНБАЙ КЕСКЕН ТАШ| АКМАТБЕКТИН ТООСУ