Кыргызстанда мас абалында транспорт каражатын башкаруу үчүн жоопкерчилик күчөтүлдү
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров транспорт каражаттарын алкоголдук же баңгизаттык мас абалында башкаргандыгы үчүн, ошондой эле оор кесепеттерге алып келген жол-транспорт кырсыктарын жасагандыгы үчүн жоопкерчиликти күчөтүүгө багытталган Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Кабыл алынган өзгөртүүлөр жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга, жарандардын өмүрүн жана ден соолугун коргоого, ошондой эле Жол эрежелерин одоно бузууларды алдын алууга багытталган. Мыйзамга ылайык, мас абалында транспорт каражатын кайрадан башкаргандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилиги киргизилет. Бул үчүн айып пул же бир жылга чейин эркинен ажыратуу, ошондой эле транспорт каражаттарын башкаруу укугунан ажыратуу каралган. Мас абалында жол кырсыктарын жасагандыгы үчүн жоопкерчилик күчөтүлдү. Адамдардын ден соолугуна оор залал келтирилген же адамдар каза болгон учурда күнөөлүү тарап узак мөөнөткө эркинен ажыратуу түрүндө кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Эң оор кесепеттер үчүн 10 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган. Мыйзам ошондой эле жол эрежелерин бузуу менен байланышкан бир катар кылмыштар үчүн транспорт каражаттарын башкаруу укугунан ажыратуу түрүндө милдеттүү кошумча жазаны белгилейт. Мындан тышкары, мас абалында оор жол кырсыктарын жасаган адамдарга сынактык көзөмөлдү колдонуу мүмкүнчүлүгү алынып салынат. Айдоочулук күбөлүгү алынгандыгына карабастан транспорт каражатын башкаргандыгы үчүн жоопкерчилик өзүнчө күчөтүлдү. Бул үчүн 200 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул каралган. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги эскертет: мас абалында транспорт каражатын айдоо адамдардын өлүмүнө жана жаракат алышына алып келген оор жол кырсыктарынын негизги себептеринин бири болуп саналат. Ар бир айдоочу жолдогу коопсуздук үчүн жеке жоопкерчиликти өзүнө алат. Жол кыймылынын эрежелерин сактоо, мас абалында транспортту башкаруудан баш тартуу жана жол кыймылынын башка катышуучуларына урмат көрсөтүү адамдардын өмүрүн сактап калуунун жана коомдук коопсуздуктун кепилдиги болуп саналат. ИИМдин Басма сөз кызматы

JANITOR vs THE BIGGEST GUY IN THE GYM. HE Didn’t Expect THAT

Brazil vs. Morocco Highlights FIFA World Cup 2026 | Sportschau

Brasilien – Marokko Highlights | Gruppe C, FIFA WM 2026 | sportstudio

Police Increasing Security Measures During Tourist Season

Чолпон-Атада Бирдиктүү коопсуздук кызматынын гарнизондук бөлүштүрүүсү болуп өттү

Tourist police platoon ensures the safety of vacationers in the Osh Region

Modern video surveillance systems are being actively used as part of the "Safe Country" project

HISTORIC COMEBACK BY THE GREATEST JAPANESE GENERATION OF ALL TIME AGAINST ANCELOTTI’S BRAZIL

"CRUISER"... POLICE SUMMER VEHICLES REVEALED

GOOSEBUMPS! THE WORLD STOPPED TO WATCH MOROCCO BEAT BRAZIL FOR THE FIRST TIME IN HISTORY

The Northern Aral Sea is coming back to life

The amazing invention of a 65-year-old carpenter amazed engineers! Homemade woodworking tools.

"ГАИге" 2000 сом бердиң деп атамды 2 жылга камап коюшту/ Баласы чыркырап кайрылуу жасады

Pentagon releases third batch of UFO files

Storchennest Live Webcam in Bad Salzungen, Thüringen

Young Men in Expensive Cars

See How a 453kg Giant Bluefin Tuna Is Flawlessly Carved in Seconds

Кыргызстан менен Өзбекстандын ИИМ тарабынан баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү каналына бөгөт коюлду

NBC Nightly News Full Episode - June 13

