Мадинанын эшигин Исламиятка ачкан – Мусаб бин Умейир
Бүгүнкү каарманыбыз Мадинанын эшигин Исламиятка ачып, миңдеген адамдардын, жок жаңылышамын “Себеп болуу кылганга барабар!” эрежеси боюнча миллиондогон адамдын ыйманга келүүсүнө себеп болгон. Ал ошондо “Аллахым ыкласымды арттыр, мени ыкластуулукта тереңдештир!” деп дуба кылган экен. Анткени чын ыкластан чыккан сөз гана таасирин берээри бышык. Мен да бүгүн ошол дуба менен “Аллахым сөздөрүмдү жүрөктөн чыгар да жүрөккө жетсин! Ыкластуулугумду арттыр да таасирин берсин!” деп баштагым келип турат. Иншаллах, ушул өрнөктүү жашоону сүйлөшкөндөн кийин Аллах ыраазычылыгы жолунда үйүбүздөн чыга албай чайналгандардан болбойбуз. Жылуу төшөгүбүздөн тура албай, комфорт аймагыбызды кыя албай эзилгендерден да болбойбуз. Анткени Мусаб бин Умейир дүйнөнүн бүткүл шаан шөкөттүнөн кечип, бир Ислам баатырын жаратуунун үлгүсүн бизге көрсөттүп берген. Меккеде Мусабдан да келишимдүү, саркеч жана жарашыктуу кийинген эч ким жок болчу ошондо. Чачтары тармал-тармал, ирети менен таралган нагыз жигиттин гүлү эле Мусаб. Бул биздин ойубуз эмес, Пайгамбарыбыз савдын ага берген баасы. Периштелер суктанган жигит болуу, алгачкы мухажир болуу, алгачкы мугалим болуу, Мусаб бин Умейир болуу... Кызык, деги Мусаб бин Умейир болуу - бул кандай болуусу мүмкүн?!

Ашыктык баатыры – Вайсал Караний.

THE POWER OF THE BLOOD OF JESUS

Исламияттын баатыр уулу – Саад бин Абу Ваккас р.а

Жаназасына жетимиш миң периште катышкан – Саад бин Муаз (р.а)

УМРАДАГЫ САБАКТАР 5-бөлүм. Устаз Максат ажы Токтомушев 08 12 2024

Акылы менен дүйнөнү дүңгүрөткөн- Султан Абдулхамид II

КЫЗЫКТУУ СУРОО-ЖООПКҮЙӨӨМ НАСВАЙ ЧЕГЕТ, МАГА ЖАКПАЙТ. ЭМНЕ КЫЛСАМ БОЛОТ?

Ажыга бара тургандар үчүн мыкты насаат. Устаз Надирбек Дуйшоев

ДЭЭРИҢДЕ БОЛБОСО КЫЙЫН... | Идирис Айтбаев | Ernis Kyiaz Podcast

Бизнестин пири Абдрахман бин Ауф

Аалым сахаба-Абдуллах бин Умар

Европаны багындырган - Тарик бин Зийад

Кыргыздар Иорданияда ЭМНЕНИ ОКУЙТ? | Базарбек уулу Нурсултан | Накта Подкаст

Абу Хурайра (р.а.) ким болгон?

ХАЛИД БИН ВАЛИД

Константинополду багындырган - Мухаммад аль-Фатих

Экинчи аял алам деген эркек, өз кызыны токол болушуна макулбу?/Нурлан Байжигитулы/Exclusive Podcast

ТЕРИЛГЕН ХАДИСТЕР 14-сабак. СУРОО-ЖООП. Хадис илими. Шейх Чубак ажы 09 02 2020

Таятасына окшогон небере - Аз.Хасан

