ИИМ тарабынан психотроптук заттардын ири партиясынын таралышына бөгөт коюлду
Ички иштер министрлигинин Баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарынын аймагында "Макси" аттуу кызматтык-издөөчү иттин жардамы менен жүргүзүлгөн ыкчам иш-чараларынын натыйжасында 1995-жылы туулган А.у.М. аттуу жаран кармалган. Жеке кароо учурунда кармалган жарандан жалпы салмагы 28 грамм болгон психотроптук зат табылып алынган. Ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө, шектүү жаран коңшу мамлекеттен жөнөтүлгөн эл аралык почта алганы аныкталган. Жөнөтүлгөн кутучаны кароо учурунда, жашыруу үчүн колдонулган тиричилик мешинин ичинен жалпы салмагы 1 килограмм 33 грамм болгон психотроптук зат табылып алынган. Кармалган жарандын жашаган жеринде жүргүзүлгөн тинтүү учурунда салмагы 6 грамм болгон баңгизаты табылып алынган. Тергөө учурунда, шектүү "К" интернет дүкөнүндө иштеп, Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында "тайник-закладка" деп аталган жашыруучу жайларды жасоо аркылуу психотроптук заттарды таркатып жүргөндүгү аныкталган. Алдын ала эсептөөгө ылайык, алынган партия сатылып кеткен учурда мыйзамсыз киреше 5 миллион сомдон ашык сумманы түзмөк. Милиция кызматкерлеринин өз убагында көрүлгөн чараларынын натыйжасында Кыргыз Республикасынын аймагында 7 миңден ашык бир жолку дозадагы синтетикалык баңгизаттардын таралышына бөгөт коюлду. Учурда бул кылмыштуу иштерге тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган кошумча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. ИИМдин Басма сөз кызматы

БУЛ ЖООПТОРГО КҮЛБӨЙ КОЮУ МҮМКҮН ЭМЕС! // ЖОЛ ЧЫРАК

АКЧАСЫ БЫРРРР КАРАКОЛ I АРЫГЫ ЖОГОЛГОН КАРАКОЛ I ЫДЫРЫС ИСАКОВ I

Августта пенсия алуучулар үчүн өзгөрүүлөр. Алар эмнеге даярданып жатышат?

Мас болуп, МАИ кызматкерин сүзүп качкан айдоочуну кубалап кармашты

The next guest on the "Open Cabinet" project

I Bought a Wife in Angola? Living With the Tribe

Мира Кытай ашканасы Дадановго эмне деди? Умар Даданов | Ордо

ТАРАНЧЫ жеген КЫТАЙ кармалып/Көлдө ДАГЫ бир КЫТАЙ кечирим СУРАП/АЖОбуздун КЫЗЫ элдин алдына ЧЫГЫП

“I GREW UP CRAVING AFFECTION,” SAYS MEERIM

21 ЖОЛУ БЫЧАКТАЛГАН… АК-ОРДОДОГУ ОКУЯНЫН ЧОО-ЖАЙЫ

6 жаштагы бала бул нанды жеп алса эмне болмок эле ?Ордо | Умар Даданов

When Animals Surprise Photographers in the Sweetest Way! 😍

Ормуз кысыгында тиреш күчөдү

ИИМ тарабынан психотроптук заттардын ири партиясынын таралышына бөгөт коюлду

"КЫЗЫМДЫ ӨЛТҮРГӨНДӨР ЖАЗАСЫН АЛБАЙ ЖАТАТ”- ДЕЙТ НУРПАША КАЙЫПБЕРДИЕВА

МАРКУМДУН ЖОЛДОШУ ҮН КАТТЫ // ШИБЕГЕ

A True Glimpse of Bishkek at Night | Chekit

Gas Station Conflict: Audi Driver Threatened Police Officer Over Queue

TOSHKENTDA 500 KISHI UY OLIB, ALDANIB QOLDI

