"АЁО" Сөзү. Кубанычбек Маликов. Обону. Канымгүл Досмамбетова. Автордун аткаруусунда.
Көйкөлүп жаткан шиберди, Көп көрүп тепсей баспагын Күзгүдөй тунук булака, Топурак уучтап чачпагын. Кумурска майда экен деп, Тебелеп аны жанчпагын. Чабалга чоңдук көрсөтпө, Чын эле сага айтканым. Аягын назик гүлдөрдү, Аягын мукам үндөрдү. Өзгөчө жаным аягын, Элжиреп сен деп жүргөндү. Каарына асты карабай, Кан жаны сени сүйгөндү. Өнөкөт кылба жашыңдан, Орунсуз кабак түйгөндү. Дүйнөдө назик нерсе көп, Баарынан назик бул жүрөк Сүйгөндү билбес мүнөздөп Сезими жанды бүлдүрөт. Жалындуу жанды суутуп, Өчүрүп кееде үлгүрөт. Катпасын менин жүрөгүм, Калбасын сезим үлбүрөп. Адамга бүткөн таалайдын, Назиги жүрөк турбайбы. Жүрөктүн тунук сезимин, Жан менен коргоп ырдайлы. Кырсыкты гүл деп көрсөтүп, Кыянат жашка кылбайлы. Ашыктык сүйүү нукура, Бакыт экенин ылгайлы.

Зейнеп Шакеева "18 жаш"

Ала-Тоо таңшыйт: Бакыт Капаровдун обондуу ырлары

Кыргыз эстрадалык ансамбли - Кыргызский эстрадный ансамбль (1968)

Рыспай Абдыкадыров менен сырдашкан Түгөлбай Казаков

Д/ф "Мен жашаган доор (Гүлсүн Мамашева)" 2023 реж. Мурат Мамбетов

Айнур Бердикулова - Ак куу / Жаны 2021

Калыйбек Тагаев концерт толугу менен

Анара Сарымсакова - Жыпары белең баланын | Obodo FOLK (ПРЕМЬЕРА)

Анара Сарымсакова "Айдайлы жашоо кемесин"

"Жоодураган көзүңдөн" ырын уурдаган ким? Автор чындыкты айтты!

"САЙРАГҮЛ" Сөзү. Абзий Кыдыров.Обону Экия Муканбетов. Жамал Сейдакматованын аткаруусунда.

АЁО (Канымгүл Д.)– ЫРЫСКАН Кашкарбаева, кошт: Мээргүл К, Кубан Р.Э. (моб.видео)

Элмирбек Иманалиев - Ырлар жыйнагы / Elmirbek Imanaliev

"Кер толгоо". Н.Борошов/ "Акак" комузчулар тобунун аткаруусунда

"АЁО" Сөзү. Кубанычбек Маликов. Обону. Канымгүл Досманбетова. Кылычбек Бекишовдун аткаруусунда.

"АНДЕЛЕК" Сөзү,обону.Эстебес Турсуналиев.Автордун аткаруусунда.

"АЛА-ТООЛУК ЧАБАНГА" Сөзү. Жумакан Тынымсеитова.Обону Канымгүл Досманбетова. Автордун аткаруусунда.

МАЛИК АЛИКЕЕВ "БАКЫТ КУШУ" созу: К.К Балкыбеков обону: А.С Доулбеков

"Бурылтай" Біржан сал

