АЛТЫНАЙ НАРБАЕВА - Кимибизден - кыргызча караоке текст менен
🎵 Д.Садырбаевдин сөзүнө жазылган Ж.Кочкоровдун "Кимибизден?" ырын биз менен чогуу караоке ырдаңыз. Алтынай Нарбаеванын аткаруусундагы варианты тексти менен. 🎤АЛТЫНАЙ НАРБАЕВА - Кимибизден ырынын үнү жок (минус) варианты • КИМИБИЗДЕН - караоке кыргызча минусовка - ... 🎼 Кыргызча караоке издесеңиз, биздин каналга катталыныз 👌. Күн сайын жаңы ыр караоке форматында чыгып турат. 🎶 Кыргыз ырлары караокеге 2 түрдө киргизилген: ✔ сиз сүйгөн ырчынын аткаруусунда (ыр жаттоого жеңил болуу үчүн, ырчы менен чогуу ырдап, обонду кырааты менен ырдаганды үйрөнөсүз), мындай клиптер “караоке” деп белгиленген; ✔ жалаң ырдын обону, ырчынын үнү жок варианты, же минусовка (өзүңүз музыканын коштоосунда ырдаганга), мындай клиптер “караоке минус” деп жарыяланган. ☑ ырчынын коштоосунда караоке кыргыз ырлары https://bit.ly/3i9RrBl ☑ үнү жок кыргызча караоке https://bit.ly/3i9Y1HV 🎥 Баардык клиптер тексттери менен берилген, обондун ыргагына жараша сапаттуу даярдалган караоке кыргызча ырлар. 🎵 “Ыркесе” каналына келип, сизге жаккан кыргыз обондорун уй бүлөңүздун ичинде, тууган-туушкандар менен, достор менен, жакшы санаалаштар менен чогуу ырдаңыз. Тойдо, шеринеде, туулган күндө ыркесе 🥣 уюштуруңуздар. 🎹 Биздин даярдаган караоке кыргызча ырларыбыз сизге жакса, лайк 👍 басып, досторуңуз менен бөлүшүңүз 🙋♂️, ошондо биздин каналга чоң салымыңызды кошкон болосуз! Каналга жазылууну унутпаңыз. 👍 ЫРКЕСЕ каналына жазылуу https://bit.ly/3tYphyJ 💬 Сизге жаккан кыргыз ырлары жок болсо, уялбастан комментарийде жазыңыз, колдон келишинче сунушуңузду аткарууга аракет кылабыз. Сиздерди терен урматтоо менен 🥣Ыркесе🎵 каналы! ❗ ЭСКЕРТҮҮ: © Чыгарманын автордук укуктары анын мыйзамдуу менчик ээлерине тиешелүү. Биздин канал жөн гана чыгарманы калың элге караоке форматында жеткирүү максатында пайдаланат. Эгерде сиз ушул чыгарманын менчик ээси болуп, анын караоке форматында таркатылышын каалабасаңыз, биздин дарекке кайрылыңыз. Алтынай Нарбаеванын өздүк ютуб-каналы: / @altynai_narbaeva #ыркесе #кыргызча_караоке #АлтынайНАрбаева #Кимибизден #yrkese ====================================================== -- "Кимибизден?" -- Сөзү : Д.Садырбаев Обону : Ж.Кочкоров Аткаруучу: Алтынай Нарбаева -------------------------- Менденби же сенденби, кимибизден? Сезимдер өчүп барат дилибизден. Адашып, атаганат, баратабыз, Арзышып араң тапкан сүйүүбүздөн. Адашып, атаганат, баратабыз, Арзышып араң тапкан сүйүүбүздөн. Э-и-и, о-и-и. Кайран кез, кандай сонун убак эле, Сезимде эңсөө туруп турар эле. Сагынып, самап келсем сапарымдан, Саамайың саамал кымыз сыңар эле. Сагынып, самап келсем сапарымдан, Саамайың саамал кымыз сыңар эле. Э-и-и, о-и-и. Башатын махабаттын чандың беле? Байкабай капа кылып алдың беле? Болбосо жаш селкиге менден артык, Бой салып, ашык болуп калдың беле? Болбосо жаш селкиге менден артык, Бой салып, ашык болуп калдың беле? Э-и-и, о-и-и. Көңүлдүн муз төрүнө бара электе, Көздөн жаш көл-шал болуп ага электе. Жаркыным, суу куя көр сезимдерге, Тамыры такыр кургап кала электе. Жаркыным, суу куя көр сезимдерге, Тамыры такыр кургап кала электе. Э-и-и-ий, о-и-и-ий, и-и-и-ий.

Алтынай Нарбаева- Кимибизден // Жандуу үн аккордеон менен

СРОЧНО! БУЛ ВИДЕОНУ ОЧУРГОНГО АРАКЕТ КЫЛЫП ЖАТЫШАТ!

"Сапарлашыма " сөзү обону Күмөндөр Абылов

РАСУЛ МАМАТКУЛОВ - Көрүшкөнчө - кыргызча караоке текст менен

Бейшебай Талантбеков тойдо - КИМИБИЗДЕН

Алтынай Нарбаева уулун үйлөнттү. Тойдон эксклюзивдүү репортаж

Алтынай Нарбаева - Кат жазчы мага

АЗИЗА, РОЗА, АЙНУРА - Шат күндөр - караоке тексти менен

VERY URGENT NEWS! FATAL FLASH FLOOD ON SITE, THE SITUATION IS CRITICAL

Президент Ак-Талаада эл менен түз баарлашты (1-бөлүм)

жаны кыргыз кино куйо жолдош

Ырлар жыйнагы / Кызжибек Аманкулова

Жүрөктөн чыккан ыр жүрөккө жетет / Гулнара Кахарованын ырлар жыйнагы

ТАШИЕВ ЖӨНҮНДӨ ЭРКЕКЧКЕ СӨЗДҮ АЙТКАН МОТУЕВ ЭЛЕ БОЛДУ!

БУЛ ТАМАША ЧЫГЫП ЭЛ ЖЫРГАДЫ//ТЫНАР/КАНЫБЕК/ТАЛАНТ/КАНАТ/

Кимибизден. Каныбек Дайырбек уулу.

ГҮЛНАРА КАХАРОВА - Айтпаса экен - кыргызча караоке / текст

Жаңы ыр2026/Эльзар Өскөнбаева/Чоочун адамым.

Кыргыздын чыгаан уулу Нурлан Мотуев инимен айрылып калдык🇰🇬😭 Турсунбай Бакир уулу😭😭😭

