Руслан Курманалиевди жоктоо

Жоктоо ырын жазган Кыял Таажы. Кошок кошкон Нурсултан Абдикаримов ЖОКТОО ЫРЫ Бейиштей эле жүргөнүң, Береке эле күлгөнүң! О дүйнө кете бердиңби Жарыңа айтпай бир кебиң?! Мекен эле бир көзүң, Кезең эле бир көзүң. Мемиреп кете бердиңби, Элиңе айтпай бир сөзүң?! Жакшылар берген батасын, Жайлоодой эле жашашың, Сахнага чыксаң жаркырап Жашаса адам жашасын! Кыргыздын улук, кымбатын, Ким билсе, сени тыңдасын. Кыргызды туям дегендер Ырдаса сени ырдасын! Театр эле өмүрүң, Тең эле элге көңүлүң. Жетет эле го бар жанга Деңиздей терең пейилиң. Жүрөгүң менен берилип, Жүзүңдөн мээрим төгүлүп, Адамдын Асыл экенин Айтчу эле дилиң себилип. Кыягың калды чертпеген, Кыялдай болуп жетпеген. Авазың барат оболоп Улуу тоону беттеген. Аткарган ролдор эчен миң, Байлыгы эми мекендин! Сураса болот келечек Улуулук эмне экенин! Данияр ысык жандарга, Дүйшөн элең балдарга, Жаның өттү жай гана Тасмадагы каарманга. Тарыхта ата-бабанын, Кыйласына жан берип, Жараттың эле образын Намысың берип, ар берип. Атаке баатыр, Жантай хан, Байтик баатыр, Курманбек. Ажыкабыл, Зия Камали, Айбар, Сырым, Кадырбек. Шабдан баатыр, Алымбек, Жусуп Баласагындай, Лао-Цзы, Конфуций Тыныстанов Касымдай. Эл ээрчиткен инсандар, Арбагы сени тостубу? Султан боюң кор кылбай Катарларына коштубу?! Алар жүргөн жер кандай? Гүл бакча бекен маржандай. Жаныңа тынчтык таптыңбы Театрыңа баргандай. Тоо ичинен токтобой, Мөңкүп аккан мөңгүдөй, Эмгегиң элге сиңиптир Кылымга агып бергидей. Жалганда көзүң барында, Бааланбады эмгегиң. Өлүмүң жулуп ыргытты Маданият сөңгөгүн. Айланса болот кыргыздан, Чындыгын чырдап тургузган. Эл артист кылып коюшту Эки күндө Фейсбуктан. Эл адамы сен элең, Өлтүрбөдү өзүңдү. Өнөрүңдү чогултуп Гүлазык кылды кезиңди. Кыдырдың эле дүйнөнү, Даңазалап элиңди. Ким айтып бүтөт тереңиң Океандай жээгиңди. Улуулардын өрнөгүн, Уук кылчу эле түндүгүң. Угутуң айтып турчу эле Кыргыздын чындап кимдигин. Болот Бейшеналиев, Жумадылов Советбек. Агайың болду кезинде Сени да улуу болот деп. Алмаз Сарлыкбековдой Көсөм адам өстүрдү. Гүлшара, Бакен эжелер Бийиктикке жеткирди. Кыр жолдон жаза баспадың, Кыйырдын көрдүң зоо таңын. Кайберени болдуң сен Искусство деген зооканын. Кыйын күнүндө улуттун, Театрды таштабай. Көрктөнүп турдуң сахнада Көчкүдөн калган аскадай. Күн-түнү тынбай иштедиң, Тереңин ойдун издедиң. Өнөрдү тиздиң, аттиң ай Өмүргө өмүр тизбедиң. Рухий кризис маалында, Үзүлгөндү уладың. Чачылганды жыйнадың. Өмүр бердиң көп күнгө Өзүңдү бирок жыйбадың. Аядың баарын аядың Аябадың жүрөгүң. Аткарсам деп турчу элең Адамзаада тилегин. Булактай тунук кыялы, Буряттан күттүң куданы, Салтын көрдүң башка элдин Кудайдан буйрук бу дагы. Элиң үчүн уул таптың, Келечек үчүн ой салдың. Москвадан окутуп Илимине жол салдың. Кызгалдактай буралтып, Кызыңды кымбат өстүрдүң. Балалык берип бактылуу Эрезеге жеткирдиң. Эки уул, эки кызың бар, Жолуңду улайт балдарың. Экрандан өчпөгөн Өнөрүң улайт калганын. Жоогазын өңү өчө элек, Жарың калды Гулгаакы. Демиңе демин жашатып Табың калды Гулгаакы. Жашоону укмуш сүйгөндөй, Гүлдөрүң калды сугарган. Күнүгө чийип оңдогон Тирүүлүк эле чыгармаң. Дарегиң калды үйүңдө Данегиң калды үйүңдө. Балбылдап шамдай өчпөгөн Карегиң калды сүйүүңдө. Тең жашына карабай, Тестиердей ким күлөт? Ачка-токко карабай, Театрга ким күйөт? Мүнөзүңдү кебездей, Чубадыбы бул жалган? Кайберендей карааның Куладыбы мунардан. Талантың үчүн татаал жол, Баскандан жаның коркподу. Күткөндөй өзүн бир укмуш Чагылган жаның өрттөдү. Чакырып деңиз толкуну, Чайынар элең көркүнө. Чыркырап кете бердиңби Чындыктын чыны өртүнө. Издегениң таптыңбы, Башка бир каалга ачтыңбы? Жагаар элең элиңе Сен да аларга жактыңбы? Жаркырап Күндөй баттыңбы, Жалгандан чындап качтыңбы? Тынчыды жаның жарыктык Азабыңбы, бактыңбы?! Сөөгүңдү көмдү кыргызың, Сөзүңдү бирок көмгөн жок. Сөөлөтүң жашайт түбөлүк Руслан атың өлгөн жок. Жаның кетти а бирок, Жарыгың турат төгүлбөй. Кыргыз театрынын өңү Курманалиевдин өңүндөй. Кыял Таажы (08.09.2025).

📹 УЗБЕКСКИЙ ПЕВЕЦ АЛИЖОН ЭШОНКУЛОВ | В ГОЛОС ШОВ →
▶︎

📹 УЗБЕКСКИЙ ПЕВЕЦ АЛИЖОН ЭШОНКУЛОВ | В ГОЛОС ШОВ →

«Агам менен жеңем укпайт, сүйлөбөйт»
▶︎

«Агам менен жеңем укпайт, сүйлөбөйт»

Акмат акын казак акынын АЙЛАСЫН КЕТИРДИ🤣😂 Акматбек & Жансая
▶︎

Акмат акын казак акынын АЙЛАСЫН КЕТИРДИ🤣😂 Акматбек & Жансая

Ташиевдин иши: Төңкөрүш аракетиби же саясий күрөшпү?
▶︎

Ташиевдин иши: Төңкөрүш аракетиби же саясий күрөшпү?

СУБАН ЖУМАНАЛИЕВ I КОЛ САЛУУ I КЫРГЫЗЧА АУДИО КИТЕПТЕР I ЖАҢЫ АУДИО КИТЕПТЕР I 2026 I
▶︎

СУБАН ЖУМАНАЛИЕВ I КОЛ САЛУУ I КЫРГЫЗЧА АУДИО КИТЕПТЕР I ЖАҢЫ АУДИО КИТЕПТЕР I 2026 I

"I wanted to untie the president's shoelaces, but I was too embarrassed to look like I was being ...
▶︎

"I wanted to untie the president's shoelaces, but I was too embarrassed to look like I was being ...

Курманбектин уулу « Сейитбек » дастаны. Атасынын өчүн алганы. #улукбектоктоболотуулу#акын#манасчы
▶︎

Курманбектин уулу « Сейитбек » дастаны. Атасынын өчүн алганы. #улукбектоктоболотуулу#акын#манасчы

Көгөргөн нанды сууга чылап жечүбүз..  | Бек Борбиев | Ernis Kyiaz Podcast
▶︎

Көгөргөн нанды сууга чылап жечүбүз.. | Бек Борбиев | Ernis Kyiaz Podcast

Аалы Туткучев баарын ыйлатты Элмирбек Иманалиевтин акыркы айтышы
▶︎

Аалы Туткучев баарын ыйлатты Элмирбек Иманалиевтин акыркы айтышы

😱ташиев эми колунду сындырам деп айталабы 🤯
▶︎

😱ташиев эми колунду сындырам деп айталабы 🤯

АКТЕР ЭКИ ЖҮЗДҮҮ БОЛУШУ КЕРЕК | САДЫР САГЫНБАЕВ | кыргызча подкаст
▶︎

АКТЕР ЭКИ ЖҮЗДҮҮ БОЛУШУ КЕРЕК | САДЫР САГЫНБАЕВ | кыргызча подкаст

Саясий ырчы Сагынбек
▶︎

Саясий ырчы Сагынбек

Жеңижок менен Барпынын айтышы.Диний айтыш.Асылбек Маратов.
▶︎

Жеңижок менен Барпынын айтышы.Диний айтыш.Асылбек Маратов.

Кайран залкарлар 🔥 Элмирбек Иманалиев жана Майра Керим кызы // АРХИВ АЙТЫШ
▶︎

Кайран залкарлар 🔥 Элмирбек Иманалиев жана Майра Керим кызы // АРХИВ АЙТЫШ

ГУБЕРНАТОРДУ ЧООЧУТКАН КӨК КӨЙНӨКЧӨН КИМ?
▶︎

ГУБЕРНАТОРДУ ЧООЧУТКАН КӨК КӨЙНӨКЧӨН КИМ?

КАРА-КОЙ эли КАЙРА чогулду бүгүн ЭКИНЧИ күн НООКАТ | Talant Ak-Bulak.
▶︎

КАРА-КОЙ эли КАЙРА чогулду бүгүн ЭКИНЧИ күн НООКАТ | Talant Ak-Bulak.

Эламан Келдибеков & Болот Назаров АЙТЫШ
▶︎

Эламан Келдибеков & Болот Назаров АЙТЫШ

ИЗДЕЙМ СЕНИ - УТРК // 22-май, 2026-жыл
▶︎

ИЗДЕЙМ СЕНИ - УТРК // 22-май, 2026-жыл

Күкүк эне же сойкунун тагдыры. 🎧 [Аудио китеп ] 📜
▶︎

Күкүк эне же сойкунун тагдыры. 🎧 [Аудио китеп ] 📜

Ата-энем менен сүйлөшүүнү кыялданам | Мунарбек Имаров | Кана Подкаст
▶︎

Ата-энем менен сүйлөшүүнү кыялданам | Мунарбек Имаров | Кана Подкаст