Элмирбек Иманалиев "Чоңдорго кайрылуу" ырынын тарыхы жана саясат жөнүндө.

Карагер минсем оттобойт Капталга бут токтобойт Калкымда сулуу көп көргөм Бирок... Кантейин сага окшобойт. Кыргызда-аа сулуу кыздар көп Бирок... Кылыгы сага окшобойт,ай Кареги сага окшобойт Достор! Мына таптым! 2019-жылдын жай айларында(июль болсо керек) атайын издеп барып алп акын Элмирбек Иманалиевтен интервьюну түз эфирде көрсөткөм. "Чоңдорго кайрылуу" деген ырынан соң бүтүндөй кыргыз эли ушул ырды, залкар акынды сөз кылганда атайын барып ырдын жаралуу тарыхы менен себеби туурасында суроо берип,сонун баарлашып отурганбыз.Ошол кезигүү азыркыга чейин эсимде.Ошол чоңдорго кайрылууну ырдап бериңиз десем, "ал аябай көп сап ыр, баары эсимде жок" деген эле.Бирок, акын деген сөздүн, ырдын пири. Комузду сыздатып Текебай Мураталиев деген акындын "Акинтай" сулууга арнаган ырын созуп берген. Кыргызда элдин арасында ана-мынчасынын эле эсинде калган, ооздон оозго өткөнү менен кыргыз фольклорунун алтын фондусуна жазылбай калган белгилүү-белгисиз акындар көп экен.Элмирбек ошол акындарды изилдеп-иликтеп, талдап, ал акындардын чыгармаларын элге жайылтып жакшы иш кылган ажайып инсан эле... Ошол түз эфирде элдин уулун жүрөгүм менен сүйгөм, ансайын жакшы көрүп кебине тойбой кеткем. Далдырап мукактанып сүрдөп отуруп сүрөткө түшпөй калыпмын. "Алп акын,азыркынын залкары менен сүрөткө түшпөй калыпмын" деп жазсам "буюрган күнү сөзсүз сүрөткө түшөбүз" деп жооп берди эле. Аттиң,буюрбаптыр... Кош,Элмирбек! Жаткан жериң жайлуу болсун.Кудайым бейишинен орун берсин! Жаннаттан жай берээрин суранып-тиленем! P.S.152 адам өз ой-пикирин калтырып 25 000 адам түз эфирди көргөн экен. Азыр да бөлүшүп таратыңыз. Анткени,Элмирбектин ар бир айткан сөзү куюлушуп элдин жүрөгүнөн түнөк тапчу.Ар бирибиз Элмирбек Иманалиевтин кебин, ырын тое-тое угуп, көзүбүз кангыча көрүп калалы. Баарибир тойбой калдык... Аттиң,дүйнө...өзгөчө инсан эле...жаш кетти... Жигит өлбөс болсочу...

Эл сүйгөн Элмирбек || ЧЕКИТ МЕДИА
▶︎

Эл сүйгөн Элмирбек || ЧЕКИТ МЕДИА

Элмирбек Иманалиев үй бүлөсү, чыгармачылыгы, жаштык кези тууралуу маеги. КЕП КӨӨРҮК АПРЕЛЬ ТВ
▶︎

Элмирбек Иманалиев үй бүлөсү, чыгармачылыгы, жаштык кези тууралуу маеги. КЕП КӨӨРҮК АПРЕЛЬ ТВ

Кайрат Жантаев "Жылдыздуу жээк" 2026 көркөм окуу конкурсунун катышуучусу
▶︎

Кайрат Жантаев "Жылдыздуу жээк" 2026 көркөм окуу конкурсунун катышуучусу

Элмирбексиз Эламан эптей албадыбы?
▶︎

Элмирбексиз Эламан эптей албадыбы?

Залкарлардын жаш кездеги айтышы // Элмирбек Иманалиев жана Жеңишбек Жумакадыр
▶︎

Залкарлардын жаш кездеги айтышы // Элмирбек Иманалиев жана Жеңишбек Жумакадыр

Элмирбекти эскерүү: досу Сыймык Бейшекеев, шакирти Акматбек Султан көзүнө жаш алып эскерди
▶︎

Элмирбекти эскерүү: досу Сыймык Бейшекеев, шакирти Акматбек Султан көзүнө жаш алып эскерди

Автомат акын Жеңишбек Жумакадырдын акындык жолу | Планета-312
▶︎

Автомат акын Жеңишбек Жумакадырдын акындык жолу | Планета-312

"20 жыл сахнада" . Элмирбек Иманалиев / Концерт / 1-БӨЛҮМ / АРХИВ
▶︎

"20 жыл сахнада" . Элмирбек Иманалиев / Концерт / 1-БӨЛҮМ / АРХИВ

Мирлан Самыйкожо : "Жүрөгүбүз менен эмес акылыбыз менен жашаган үчүн саткын , Арзымат  болдук. "
▶︎

Мирлан Самыйкожо : "Жүрөгүбүз менен эмес акылыбыз менен жашаган үчүн саткын , Арзымат болдук. "

Кутман Садыбакасов, төкмө акын: “Азыр алаканына салгандар эртең тамандын алдына салышы мүмкүн”
▶︎

Кутман Садыбакасов, төкмө акын: “Азыр алаканына салгандар эртең тамандын алдына салышы мүмкүн”

Кыргыз болуш үчүн кыргыздын ырын-муңун угуу керек | Акматбек Султан уулу| Ernis Kyiaz Podcast
▶︎

Кыргыз болуш үчүн кыргыздын ырын-муңун угуу керек | Акматбек Султан уулу| Ernis Kyiaz Podcast

Элмирбек Иманалиевдин балалык кези / "Эл сүйгөн Элмирбек" көрсөтүүсү / 1-чыгарылыш
▶︎

Элмирбек Иманалиевдин балалык кези / "Эл сүйгөн Элмирбек" көрсөтүүсү / 1-чыгарылыш

Аалы Туткучев кайда жоголду? | Zaman Podcast
▶︎

Аалы Туткучев кайда жоголду? | Zaman Podcast

Элмирбек Иманалиев Сахнада 20 жыл Концерт
▶︎

Элмирбек Иманалиев Сахнада 20 жыл Концерт

“Өзгөрдүм. Жан дүйнөм тынчтыкты самап калды” дейт куудул Абдылда Иманкулов
▶︎

“Өзгөрдүм. Жан дүйнөм тынчтыкты самап калды” дейт куудул Абдылда Иманкулов

Акматбек Султан: Бул күндү 9 жыл күттүм  МАЕК 2025
▶︎

Акматбек Султан: Бул күндү 9 жыл күттүм МАЕК 2025

7-жуп: ЗАЛДЫ ЖАРДЫ🤣 Мамбет акын Кутман // 2026
▶︎

7-жуп: ЗАЛДЫ ЖАРДЫ🤣 Мамбет акын Кутман // 2026

Элмирбек Иманалиев төкмө акындарды чектөөсүз айтышка чакырат\Адабий айдың
▶︎

Элмирбек Иманалиев төкмө акындарды чектөөсүз айтышка чакырат\Адабий айдың

Элмирбек Иманалиевдин обондуу ырлары / Эл сүйгөн Элмирбек / 2-көрсөтүү
▶︎

Элмирбек Иманалиевдин обондуу ырлары / Эл сүйгөн Элмирбек / 2-көрсөтүү

Айзуура Иманалиева: “Сезим экөөбүздүн тең кайын журтубуз жакшы”
▶︎

Айзуура Иманалиева: “Сезим экөөбүздүн тең кайын журтубуз жакшы”