Чыңгыз Айтматов "ЭРТЕ КЕЛГЕН ТУРНАЛАР" | 1-уктуруу | кыргызча аудио китеп

Ч. Айтматовдун "Эрте келген турналар" повести орус тилинде жазылган жана "Ранние журавли" деген ат менен "Новый мир" журналынын 1975-жылдагы №9 санына басылган. Аны кыргыз тилине Ашым Жакыпбеков которгон. Кыргызчасы "Эрте жаздагы турналар" деп да, "Эрте келген турналар" деп да аталып келет. Эң алгач кыргызча котормосу "Ала-Тоо" журналынын 1978-жылдыгы №7 номерине жарыяланган. Коомдук-социалдык курч проблемаларды көтөрүп келген соңку эки чыгармасына – "Гүлсарат" менен "Ак кемеге" салыштырганда "Эрте келген турналар" партияга жана партиялык түзүлүшкө "асылбаган" "жай" чыгарма болду. Ырасында мындай "ызы-чуусуз" чыгарманы окурмандар күткөн эмес эле. Мазмуну: Согуш учурунун катаал шартында бийик адамдык абийирин сактап калган "Ак-Сай десанттары" — өспүрүмдөр тууралуу баян. Башкарма, майданчы Тыналиев мектептен Ак-Сайга кош айдоо үчүн беш жигитти – "чорону" тандап алат. Алардын колбашчысы он бештеги – Султанмурат, экинчи чоро – Анатай, үчүнчү чоро – атка жеңил, тайга чак Эркинбек баатыр, төртүнчүсү – Алтын туяк аты бар Эргеш баатыр, бешинчиси – Кубаткул. Мына ушул Тыналиев "Ак-Сай десанттары" деп атаган балдарды алдыда оор сыноолор күтүп турган. Чыгармада ошол балдардын өмүрүнүн бир кыска үзүмдөрү, кош айдоого даярдыктары, кош айдоо кезиндеги жеңиштери жана жеңилиштери чагылдырылат. Повесттеги мугалим эжей турмушта болгон каарман. Повесттин башталышынан алынган "Ирик түймө жүн жоолугун ороно салынса да болбой үшүгөн Иңкамал-апай өзүнөн бетер көк муштум болуп олтурган балдарга география сабагында Цейлон аралы жөнүндө узун сабак – кызык жомок айтып жатыры" деген сүйлөмдөр жөнүндө ошол эжейдин прототиби Миңкамал Жолоева, же эл айткандай Иңкамал-апай: "Баланын унутпай, баарын жүрөгүнө сактап жүргөнүн карачы деп өзүнчө таң калам. Жада калса ошол кездеги башымдагы жүн жоолугумдан бери жазыптыр. Ооба, ошол кезде менин ошондой жоолугум боло турган. Чыгармасында ошол бойдон сүрөткө түшкөндөй болуп жоолукчан жазылыптырмын", — деп эскерген жайы бар. Иңкамал-апай повесттин окуялары турмуштун накта өзүнөн алынгандыгын өзүнүн "Мен анда окуучуларга география сабагы менен катар ботаника, зоология сабактарынан берчүмүн. Мырзагүл деген болсо Асылкан деген сулуу кыз эле. Класстагы балдардын баары тең аны менен бир партада олтургусу келишчү", — деп айтат К.Өмүралиев менен бир маегинде. Жазуучу өзү да мугалимдери тууралуу бир баянында "Мени окуткан мугалим-апай Миңкамал Жолоева жана башка мугалимдердин жардамы, өзгөчө алардын сезгичтик, этияттык менен кылган мамилеси мага өмөк болду" — деп жазат. Ушул сыяктуу окуя, каармандарды карап туруп, "Эрте келген турналарда" тарыхый-документалдык, мемуардык, автобиографиялык негиз күчтүү көрүнөт деп айта алабыз.

Чыңгыз Айтматов "ЭРТЕ КЕЛГЕН ТУРНАЛАР" | 2-уктуруу | кыргызча аудио китеп
▶︎

Чыңгыз Айтматов "ЭРТЕ КЕЛГЕН ТУРНАЛАР" | 2-уктуруу | кыргызча аудио китеп

#аудиокитептер "Саманчынын жолу" Чынгыз  Айтматов
▶︎

#аудиокитептер "Саманчынын жолу" Чынгыз Айтматов

Таң алдындагы өлүм
▶︎

Таң алдындагы өлүм

Мелис Убукеев. Кырчын өмүр, кыйылган сүйүү ("Провинциальный роман"). Кыргыз тилинде
▶︎

Мелис Убукеев. Кырчын өмүр, кыйылган сүйүү ("Провинциальный роман"). Кыргыз тилинде

Чыңгызхан.Тарыхтагы эң улуу жеңүүчү.  Толук чыгарылыш.
▶︎

Чыңгызхан.Тарыхтагы эң улуу жеңүүчү. Толук чыгарылыш.

"Эрте келген турналар" Кыргызча аудио китептер! Кыргызча аудио окуялар! #кыргызча #аудиокитеп #окуя
▶︎

"Эрте келген турналар" Кыргызча аудио китептер! Кыргызча аудио окуялар! #кыргызча #аудиокитеп #окуя

Жеңижок менен Барпынын айтышы.Диний айтыш.Асылбек Маратов.
▶︎

Жеңижок менен Барпынын айтышы.Диний айтыш.Асылбек Маратов.

Чынгыз Айтматов: "Эрте жаздагы турналар" /  АУДИО КИТЕП
▶︎

Чынгыз Айтматов: "Эрте жаздагы турналар" / АУДИО КИТЕП

Шок😱 Журналист Адилет Айтикеев Ташиевдер боюнча баарын айтып салды😱
▶︎

Шок😱 Журналист Адилет Айтикеев Ташиевдер боюнча баарын айтып салды😱

"Жамийла" - Чыңгыз Айтматов | кыргызча аудио китеп | Рух азык
▶︎

"Жамийла" - Чыңгыз Айтматов | кыргызча аудио китеп | Рух азык

Ажырашуулар эмнеге көбөйдү? | Калысбек Заманбеков | Zaman Podcast
▶︎

Ажырашуулар эмнеге көбөйдү? | Калысбек Заманбеков | Zaman Podcast

ЖОЛДОШЕВА Ташиевдин “ЖИНДИ”деген справкасы боюна айтып берди||Жаңылыктар 03.06.26
▶︎

ЖОЛДОШЕВА Ташиевдин “ЖИНДИ”деген справкасы боюна айтып берди||Жаңылыктар 03.06.26

"Эрте келген турналар". 7-класс. Ашыралиев.
▶︎

"Эрте келген турналар". 7-класс. Ашыралиев.

"КАНЫБЕК" РОМАНЫ
▶︎

"КАНЫБЕК" РОМАНЫ

Токтогул менен Барпынын айтышы       Тарыхта калган классикалык айтыш
▶︎

Токтогул менен Барпынын айтышы Тарыхта калган классикалык айтыш

Д.Мөнхбаатар "Энхэр домог" өгүүллэг
▶︎

Д.Мөнхбаатар "Энхэр домог" өгүүллэг

Чыңгыз Айтматов "ЭРТЕ КЕЛГЕН ТУРНАЛАР" | 3-уктуруу | кыргызча аудио китеп
▶︎

Чыңгыз Айтматов "ЭРТЕ КЕЛГЕН ТУРНАЛАР" | 3-уктуруу | кыргызча аудио китеп

КЫЗЫКТУУ СУРОО-ЖООП: ЖАШООБУЗДА БЕРЕКЕ БОЛУШУ ҮЧҮН ЭМНЕ КЫЛЫШЫБЫЗ  КЕРЕК?
▶︎

КЫЗЫКТУУ СУРОО-ЖООП: ЖАШООБУЗДА БЕРЕКЕ БОЛУШУ ҮЧҮН ЭМНЕ КЫЛЫШЫБЫЗ КЕРЕК?

BAXTINI TOPGAN QIZ HIKMATLI DUNYO
▶︎

BAXTINI TOPGAN QIZ HIKMATLI DUNYO

"Кызыл алма" - Чыңгыз Айтматов | кыргызча аудио китеп | Рух азык
▶︎

"Кызыл алма" - Чыңгыз Айтматов | кыргызча аудио китеп | Рух азык