Жумгал райондук ички иштер бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылышы болду
Бүгүн, 2024-жылдын 28-ноябрь күнү Нарын облусунун Жумгал районунда ички иштер бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылыш аземи болуп өттү. Бул иш-чарага Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасынын орун басары Нурбек Сыдыгалиев жана Нарын облустук мекеме жетекчилери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, ардагерлер жана коомчулуктун өкүлдөрү катышышты. Белгилей кетсек, имарат заманбап талаптарга жооп берет жана ички иштер органдарынын кызматкерлери үчүн ыңгайлуу шарттары түзүлгөн. Жаңы имаратта жарандарды кабыл алуу, укук бузууларды иликтөө, ыкчам-тергөө иштерин жүргүзүү үчүн бардык керектүүлөрү камтылган. Мындан тышкары, жаңы техникалык жабдуулар коомдук тартипти камсыздоону дагы эффективдүү иштерди жүргүзүүгө өбөлгө түзөт. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри Улан Ниязбеков бөлүмдүн жаңы имараты жергиликтүү жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо боюнча кызматтардын сапатын жакшыртаарын баса белгилеп, “Жаңы имарат биздин кызматкерлерге ишти сапаттуу жана натыйжалуу жүргүзүүгө зор мүмкүнчүлүк берет. Бул коомдук коопсуздукту камсыздоодо жаңы этаптын башталышы” –деди министр өз сөзүндө. Коомдук тартип жана жарандардын коопсуздугу — баарыбыз үчүн башкы милдет! ИИМдин Басма сөз кызматы

Жумгал театры: Ураган имаратта уланган маданият

Жумгал: комбайнчы Жамила апа, тоодогу суу тегирмен | ДАНИСТЕ

Ташиев баштаган сегиз адамдын сот өкүмү

Чаекте мыйзамсыз бизнеске айланган аялдамалар түрттүрүлөт

Ички аскерлердин кызматындагы жоокерлердин бир күнү / Мекенге кызмат

НТК:ЖАҢЫ ИМАРАТ ЖАҢЫ ДЕМ

Жумгал - Суусамыр FULL HD / Биринчи Лига

Жумгалдын жигиттери менен Тогуз-Торонун кыздары // КЫЗ-ЖИГИТ САРМЕРДЕН

Жумгал элинин көйгөйү жеринде чечилди

Акаевде акыл болсо элден кечирим сурамак.. | Бермет Букашева | Ernis Kyiaz Podcast

А. ЖАПАРОВ ЖУМГАЛ РАЙОНУНДАГЫ Ш. САДЫБАКАСОВ АТЫНДАГЫ МЕКТЕПТИН ЖЫЛЫТУУ МЕЗГИЛИНЕ ДАЯРДЫГЫН ТЕКШЕРДИ

Жумгалда кызматтан кеткен музейдин директору соттон ордун жеңип алды

Операция «Канал-Янтарный берег»: в Ошской области пресечён канал сбыта наркотиков

Жумгал – айыл өкмөттөрдүн санын эки эсеге кыскарат

Кара-Кече көмүр кесиминде иштеген ашпозчулар аларга айтылган дооматтар боюнча кайрылышты

УТРК НАРЫН: ЖУМГАЛДАГЫ “ЖЫЛУУ СУУ” ОҢДОЛУУГА МУКТАЖ

Teachers fighting // "DEPUTY GOVERNOR'S" wife // Kochkor District Education Department // Kaganat...

Шайлоо-2025: өнөктүк кандай жүрдү?

Биздин айыл/ СӨГӨТ айылы/ 2019

