Кадамжай: Кожо-Кайыр каналы оңдолууда
Кадамжай районунда 3 айыл өкмөтүн сугат суу менен камсыз кылып келген Кожо-Кайыр каналы оңдолууда. Учурда аталган каналдын 3 чакырымдан ашуун жери бетондолду жана 2 чакырымына коргоочу тосмо орнотулду. Жалпы суммасы 49 миллион сомдук иштер аткарылды. Иштер аягына чыкса, Майдан, Масалиев жана Айрыбаз айыл аймактарындагы дыйкандардын сугат сууга болгон муктаждыгы азаят. Биздин баракчаларга катталууга чакырабыз Facebook - / utrkkg Youtube (УТРК) - https://www.youtube.com/@UTRKkgchanne... Instagram - https://www.instagram.com/utrk_live/?... Телеграм - https://t.me/ktrk_live
