Балыкчы - Барскоон жолу оңдолууда

Буга чейин жолчулар асфальтка чейинки жумуштарды кышы менен жүргүзгөн. Ири жол салуу иштерин бул жолу эл аралык эмес, Кыргызстандык мекемелер жүргүзүп жатат. Мындай тапшырманы өлкө башчысы былтыр жергиликтүү жол куруучуларды колдоо катары берген. Асфальттоо иштерине жаңы технологиялар колдонулуп жатат.