Биринчи инстанциядагы соттор электрондук билдирүү жөнөтүү тутумуна өттү

Кыргыз Республикасынын сот тутумунда сот процесстеринин катышуучуларын электрондук түрдө кабарлоонун заманбап механизми ийгиликтүү ишке киргизилип, учурда натыйжалуу колдонулууда. Пресс-конференцияга Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Аппарат Жетекчисинин орун басары Аман Джумалиев, ошондой эле сот тутумун санариптик өнүктүрүү маселелери боюнча жумушчу топтун мүчөлөрү — Жалал-Абад облустук сотунун судьясы Азамат Узакбаев, Ош шаардык сотунун судьясы Бактыбек Сыдыгалиев, Чүй облусунун Сокулук райондук сотунун судьясы Нурайым Кенжетаева катышты. Мурда жарандар кагаз түрүндөгү сот чакыруусун бир нече жума күтүүгө аргасыз болушчу. Сот иштеринин создугушунун негизги себептеринин бири соттордо тараптардын тийиштүү түрдө кабардар болгонун өз убагында ырастоочу маалыматтын жоктугу эле. Электрондук форматка өтүү менен бул жагдай толугу менен өзгөрдү. 2026-жылдын май айында гана «Сот» автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу сот процесстеринин катышуучуларына 10 634 SMS-билдирүү жөнөтүлгөн. Эми сот отурумунун күнү, убактысы жана өткөрүлө турган жери тууралуу маалымат автоматтык түрдө SMS жана электрондук почта аркылуу жөнөтүлөт. Мындан тышкары, сот отурумунун алдында система милдеттүү түрдө кайрадан эскертүү жөнөтөт. Иштерди кароо мөөнөттөрүн кыскартуудан тышкары, санариптештирүү олуттуу экономикалык натыйжа берет. Мурда почта аркылуу жөнөтүлгөн билдирүүлөр мамлекет үчүн ири чыгымдарды талап кылган. Тактап айтканда: 2024-жылы Жогорку соттун почта чыгымдары 6,5 миллион сомдон ашкан, ал эми жергиликтүү соттордун чыгымдары болжол менен 67 миллион сомду түзгөн; 2025-жылы сот иштерин жана материалдарын жөнөтүүгө байланыштуу почта чыгымдарынын жалпы көлөмү 83,5 миллион сомго жеткен. Электрондук билдирүүлөрдү киргизүү менен бул бюджеттик каражаттарды үнөмдөөгө жана адам ресурстарын натыйжалуу пайдаланууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Эми соттун аппараттары миңдеген каттарды таңгактоого, тариздөөгө жана кол менен жөнөтүүгө убакыт коротпойт. Мыйзамдарга ылайык, соттор процесстин катышуучуларын кабардар кылуу боюнча бардык зарыл чараларды көрүүгө милдеттүү. Ушуга байланыштуу процессуалдык мыйзамдарга заманбап байланыш каражаттары аркылуу билдирүү жөнөтүүнүн тартибин жөнөкөйлөштүргөн өзгөртүүлөр киргизилген. Бүгүнкү күндө электрондук билдирүүлөрдүн юридикалык күчү салттуу почта аркылуу жөнөтүлгөн сот чакыруулары менен бирдей болуп саналат. Маалымат жыйынында жарандарга сотко кайрылууда же арыз берүүдө өздөрүнүн актуалдуу телефон номерлерин жана электрондук почта даректерин сөзсүз көрсөтүү зарылдыгы белгиленди. Бул билдирүүлөрдүн өз убагында жеткирилишин камсыз кылат. Ошондой эле судьялар жарандарды сак болууга чакырышты. «Сот» автоматташтырылган маалыматтык системасынан жөнөтүлгөн расмий SMS-билдирүүлөрдө жана электрондук каттарда эч качан шектүү шилтемелер болбой турганы өзгөчө белгиленди. Биздин сайт: http://sot.kg/ Фейсбук:   / jogorku   Телеграм: https://t.me/jogorkusot Инстаграм:   / jogorku_sot   ____________________________________________________ #Жогоркусот #Верховныйсуд #МедербекСатыев

In the news: judges provided information about the new electronic notification system
▶︎

In the news: judges provided information about the new electronic notification system

Ташиевдин ишинде жашыруун сыр барбы?
▶︎

Ташиевдин ишинде жашыруун сыр барбы?

Түз эфир:  СОКУЛУК РАЙОНУ, СОКУЛУК А\Ө
▶︎

Түз эфир: СОКУЛУК РАЙОНУ, СОКУЛУК А\Ө

Հարցազրույց Էդմոն Մարուքյանի հետ
▶︎

Հարցազրույց Էդմոն Մարուքյանի հետ

The Match That Made Brazilians Hate Germany
▶︎

The Match That Made Brazilians Hate Germany

Түз эфир:  СОКУЛУК РАЙОНУ, ШОПОКОВ ШААРЫ
▶︎

Түз эфир: СОКУЛУК РАЙОНУ, ШОПОКОВ ШААРЫ

I’m NOT Frying Eggplant Anymore — Few Know This Trick! A Restaurant-Style Eggplant Recipe for Dinner
▶︎

I’m NOT Frying Eggplant Anymore — Few Know This Trick! A Restaurant-Style Eggplant Recipe for Dinner

The court hearing was chaired by Judge Sh. T. Mitalipov of the Tokmok City Court.
▶︎

The court hearing was chaired by Judge Sh. T. Mitalipov of the Tokmok City Court.

ТАЛКАЛАНГАН ТАГДЫР \ 1-БӨЛҮМ \ АСАНБЕК КУЛМАНБЕТОВ
▶︎

ТАЛКАЛАНГАН ТАГДЫР \ 1-БӨЛҮМ \ АСАНБЕК КУЛМАНБЕТОВ

НОМАД ТВ: Как в Кыргызстане изменится система судебных уведомлений?
▶︎

НОМАД ТВ: Как в Кыргызстане изменится система судебных уведомлений?

SMART Gadgets That Will Upgrade Your LIFE! Ep 1
▶︎

SMART Gadgets That Will Upgrade Your LIFE! Ep 1

Ego Bodybuilder HUMILIATED Beyond Belief 🤯 |  Anatoly GYM PRANK
▶︎

Ego Bodybuilder HUMILIATED Beyond Belief 🤯 | Anatoly GYM PRANK

Mix WD-40 with CEMENT! AMAZING results that most people can't imagine!
▶︎

Mix WD-40 with CEMENT! AMAZING results that most people can't imagine!

Что произнёс Маршал Жуков перед расстрелом? Вы будете шокированы!
▶︎

Что произнёс Маршал Жуков перед расстрелом? Вы будете шокированы!

Alien Visit | Hilarious Cartoon Compilation № 29 |  Funny  Cartoons by Elen Pebble Animations
▶︎

Alien Visit | Hilarious Cartoon Compilation № 29 | Funny Cartoons by Elen Pebble Animations

FINAL NEWS 11.06.2026
▶︎

FINAL NEWS 11.06.2026

Urgent warning to those planning to visit Russia!
▶︎

Urgent warning to those planning to visit Russia!

Misty Coastal Lighthouse Oil Painting 4K | Vintage Frame TV Art | Nautical Screensaver
▶︎

Misty Coastal Lighthouse Oil Painting 4K | Vintage Frame TV Art | Nautical Screensaver

Крым отрезали, горят бензовозы. Взрывы в Тольятти и Нижнекамске. День России без концерта | Утро
▶︎

Крым отрезали, горят бензовозы. Взрывы в Тольятти и Нижнекамске. День России без концерта | Утро