Жумушка кабыл алуу

Салам достор! Эмгек мамилелери кызматкер менен жумуш берүүчүнүн ортосунда алар түзгөн эмгек келишиминин негизинде пайда болот. Эгерде эмгек келишими түзүлбөсө, иш берүүчүнүн макулдугу менен жумушчу оз милдеттерин аткара баштаса жумушчу менен иш беруучунун ортосунда эмгек келишим тузулду деп эсептелинет. Эмгек мамилелери эмгек келишими түзүлгөн учурдан тартып төмөнкүдөй натыйжалардан келип чыгат: • кызмат ордуна шайлоо; • тиешелүү кызмат ордун ээлөө үчүн конкурс боюнча шайлоо; • дайындоо же бекитүү; • белгиленген квотага ылайык уставдык органдар тарабынан иштөөгө тапшырмалар; • эмгек келишимин түзүү жөнүндө соттун чечими. Суроо:Жумушка кабыл алуу процедурасы боюнча тушундурмо берип кетесизби? Эмгек келишими жазуу жүзүндө түзүлүп, эки нускада түзүлот, тараптар созсуз турдо кол коет. Бир нускасы кызматкерге берилет, экинчиси жумуш берүүчүдө сакталат. Эмгек келишими түзүлгөндөн кийин үч күндүн ичинде жумуш берүүчү жумушка орноштуруу жөнүндө буйрук чыгарууга милдеттүү. Жумушчу буйрук менен таанышкандыгы жонундо кол коюлуусу зарыл. Жумушка кабыл алууда жумуш берүүчү кызматкерди уюмда колдонулуп жаткан ички эмгек эрежелери, кызматкердин эмгек функциясы менен байланышкан башка ченемдик актылар, жамааттык келишимдер менен тааныштырууга милдеттуу. Мындан тышкары кызматкерди эмгекти коргоо боюнча документтер менен тааныштырып эмгек китепчесин толтурууга жумуш беруучу милдеттуу. Суроо эмгек келишиминде эмнелер корсотулуш керек? Эмгек келишими - жумушчу менен жумуш берүүчүнүн ортосундагы келишим, ага ылайык жумуш берүүчү жумушчуну белгиленген эмгек функциясы боюнча жумуш менен камсыз кылууга, татыктуу эмгек шарттарын тузууго, өз убагында жана толук көлөмдө эмгек акы төлөп берүүго милдеттуу. Ал эми кызматкер ички эмгек эрежелерин эске алуу менен оз кызматын жоопкерчилик менен аткарууга милдеттенет. Эмгек келишимин түзүүдө ишке орношуучу адам иш берүүчүгө төмөнкүлөрдү көрсөтөт: паспорт же инсандыгын ырастоочу башка документ; эмгек китепчеси; социалдык коргоо күбөлүгү; аскердик эсепке алуу документтери, ал эми атайын билимдерди талап кылган ишке кызматкер билими жөнүндө документти; 18 жашка чейинки курактагы адамдарды тарбиялоо, окутуу жана тейлөө менен байланышкан иштерде иштөөсү үчүн соттуулугунун жоктугу тууралуу маалымкатты көрсөтөт. Ишке кирүүдө эмгек мыйзамында жана башка мыйзамдарда каралгандан сырткаркы документтерди кызматкерлерден талап кылууга тыюу салынат. Кызматкердин саясий партияларга, кыймылдарга же диний уюмдарга таандык экендиги жөнүндө, ошондой эле кызматкердин жеке турмушу тууралу маалыматтарды жыйноого тыюу салынат. Бул чыгарылышты даярдоодо эл аралык жана улуттук мыйзамдардын ченемдери, ЭЭУнун, эл аралык кесиптик бирликтер бирикмелеринин жана башкалардын материалдары жана сунуштамалары пайдаланылды. Чыгарылышты Социалдык-эмгектик мамилелерди изилдөө борбору Кыргыз Республикасындагы Ынтымакташтык борборунун колдоосу менен даярдады.

КР ЖАҢЫ ЭМГЕК КОДЕКСИ КАБЫЛ АЛЫНДЫ. Күн маек (28.01.2025)
▶︎

КР ЖАҢЫ ЭМГЕК КОДЕКСИ КАБЫЛ АЛЫНДЫ. Күн маек (28.01.2025)

Ташиев баштаган сегиз кишиге өкүм чыкты - Би-Би-Си ТВ 02.07.2026
▶︎

Ташиев баштаган сегиз кишиге өкүм чыкты - Би-Би-Си ТВ 02.07.2026

гаишник// Тынар БОРОНЧУ БООРДУ ЭЗДИ
▶︎

гаишник// Тынар БОРОНЧУ БООРДУ ЭЗДИ

ТЫНАР ЗАЛДАГЫ АДАМДАРДЫ КҮЛДҮРӨ БЕРИП ЖЫРГАТТЫ 8-МАРТ
▶︎

ТЫНАР ЗАЛДАГЫ АДАМДАРДЫ КҮЛДҮРӨ БЕРИП ЖЫРГАТТЫ 8-МАРТ

5 politicians released from the courtroom
▶︎

5 politicians released from the courtroom

Эмгек акысы сакталбаган кошумча эмгек өргүүгө кандай шарт менен чыгат?
▶︎

Эмгек акысы сакталбаган кошумча эмгек өргүүгө кандай шарт менен чыгат?

ЖАҢЫ ЭМГЕК КОДЕКСИНЕ КАНДАЙ ӨЗГӨРҮҮЛӨР КИРГИЗИЛДИ?
▶︎

ЖАҢЫ ЭМГЕК КОДЕКСИНЕ КАНДАЙ ӨЗГӨРҮҮЛӨР КИРГИЗИЛДИ?

Ташиев баштаган сегиз адамдын сот өкүмү
▶︎

Ташиев баштаган сегиз адамдын сот өкүмү

Чет өлкөгө мыйзамдуу түрдө жумушка орношуу / Акысыз адвокат
▶︎

Чет өлкөгө мыйзамдуу түрдө жумушка орношуу / Акысыз адвокат

ДЕЛО КАМЧЫБЕКА ТАШИЕВА: ТРАНСЛЯЦИЯ ИЗ ЗАЛА СУДА | НОМАД ТВ
▶︎

ДЕЛО КАМЧЫБЕКА ТАШИЕВА: ТРАНСЛЯЦИЯ ИЗ ЗАЛА СУДА | НОМАД ТВ

Өзүңдү кантип кабыл алуу керек? / РАЗБОР / ЧОЛПОН СЕРКЕБАЕВА
▶︎

Өзүңдү кантип кабыл алуу керек? / РАЗБОР / ЧОЛПОН СЕРКЕБАЕВА

Sadyr Japarov reviewed the upgrades in Karakol during his working visit to Issyk-Kul
▶︎

Sadyr Japarov reviewed the upgrades in Karakol during his working visit to Issyk-Kul

Tashiev and seven others sentenced to four years, released on probation
▶︎

Tashiev and seven others sentenced to four years, released on probation

ЭМГЕК КОДЕКСИ ЖАҢЫЛАНУУДА
▶︎

ЭМГЕК КОДЕКСИ ЖАҢЫЛАНУУДА

"Тогуз жыл сурады": Ташиевдин сотундагы соңку окуялар
▶︎

"Тогуз жыл сурады": Ташиевдин сотундагы соңку окуялар

Парламенттеги эки жашик автомат: Депутаттар аны эмнеге азыр эстеди?
▶︎

Парламенттеги эки жашик автомат: Депутаттар аны эмнеге азыр эстеди?

Дачанын жерлери мамлекетке өтүп кетеби? “Жер кодексинин” жаңы редакциясы
▶︎

Дачанын жерлери мамлекетке өтүп кетеби? “Жер кодексинин” жаңы редакциясы

Эмгек келишими деген эмне?
▶︎

Эмгек келишими деген эмне?

Орусияда тигүүчүлүк кылып акча тапкан кыз-келиндер
▶︎

Орусияда тигүүчүлүк кылып акча тапкан кыз-келиндер

Русичи похитили дочь хана - КВН Евразия
▶︎

Русичи похитили дочь хана - КВН Евразия