Досума - Сыймык Бейшекеев #сыймыкбейшекеев #досума #таалайбектурганов

Досума С. О. Сыймык Бейшекеевдики Бул ыр, бул дүйнөдөн көзү ачык кеткен, маркум биздин досубуз Таалай Бектургановдун жаркын элесине багышталмакчы... Көөдөнүмдөн муң арылбай жатты, Көкүрөк дарты жарылбай жатты. Убакыт учат зымырык куштай, Уйкусуз далай таңдар да атты. Колдон бир келбес иш экен аттиң, Козголбос жайга сен эми кеттиң. Чымындай жаның чыркырап кетти, Чын кеткениңди мен бүгүн сездим. Эмне мынча сен эртелеп кеттиң, Элиңдин бүтүн жүрөгүн эздиң. Укканда сени ишене албай, Ушак бул жалган бир кептир дедим. Арман күн андай болбоду досум, Ыр бутагына конбодуң досум. Аталап ыйлаар туяк калтырып, Анан кийин не соолбодуң досум. Арбыбай сенин кадамың досум, Арылбай жакшы арааның досум. Сыздатып коюп сен учуп кеттиң, Сагындык сенин карааның досум. Артыңдан калган досторуң досум, Армандуу коштойт үнүңдү досум. Черткенде черди таркатчуң аттиң, Гитардын кылы үзүлдү досум. Арман ыр жүрөк толгойт го досум, Өзүңдөй эми болбойт го досум. Эрте алып кеткен арадан бөлүп, Боору таш ажал тойбойт го досум. Булактын көзү соолдубу досум, Буурчак жаш көзгө толдубу досум. Береним бизден бөлүнүп учтуң, Бейишке жаның кондубу досум. Узатып бирге өзүңдү жоктоп, Табигат кошо ыйлады досум. Таарыныч айтып тагдырга наалат, Канча жаш жүрөк сыздады досум. Тууганың менен досторуң досум, Жүргөнбүз сени жан тутуп досум. Келдиң да кайра шашылыш кеттиң, Ата-энең калды кан жутуп досум. Сүйгөнүң калды артыңдан жоктоп, Сүйлөбөй сенин жүрөгүң токтоп. Кантели тагдыр ушу экен арман, Аркаңда калдык буркурап-боздоп. Күлгөнүң күнгө тең эле Таалай, Күйүткө салдың эң эле Таалай. Таалайы тайкы адамдай болуп, Тагдырың неден кем эле Таалай. Кызарып күнүң баттыбы досум, Күкүктөй үнүң каттыбы досум. Жалынсак дагы келбейсиң кайра, Жаннатка жаның жаттыбы досум. Булутка күнүң баттыбы досум, Булбулдай тилиң каттыбы досум. Ыйласак укпай сен кетип калдың, А дүйнө эмне жактыбы досум? Туулган жериң Чаткалың досум, Турпагын жаздап сен жатканың досум. Адамдын баарын өзүндөй көрбөй, Жүрсөң бир болмок сактанып досум. Эзилип жүрөк зырп этти досум, Ээ кылбай ажал шыр кетти досум. Буркурап, боздоп биз калып калдык, Ырдалбай канча ыр кетти досум. Энеңе кыйын иш болду досум, Кандай бир күнгө туш болдуң досум. Бектурган уулу Таалайбек өзүң, Элиңен кеткен бир куш болдуң досум. Ырларың калды аманат досум, Унутулбай ырың ырдалат досум. Таалайбек деген атың жүрөктө, Түк өчпөс болуп сакталат досум. Унутулбай ырың ырдалат досум, Кош, эми Таалай, тынч укта досум... 1995-жыл, декабрь айы

КАЙЫРЧЫНЫН КАЗАЛЫ – Сыймык Бейшекеев
▶︎

КАЙЫРЧЫНЫН КАЗАЛЫ – Сыймык Бейшекеев

ФИНАЛ АКЫРКЫ БЕТТЕШ
▶︎

ФИНАЛ АКЫРКЫ БЕТТЕШ

Хит 2006 / Артык & Сапар - Атага кат / Элдин баарын ыйлаткан ыр 😥😥😥
▶︎

Хит 2006 / Артык & Сапар - Атага кат / Элдин баарын ыйлаткан ыр 😥😥😥

Айбек карымов-Корком
▶︎

Айбек карымов-Корком

ЧУБАК САТАЕВ - Ырлар Жыйнагы
▶︎

ЧУБАК САТАЕВ - Ырлар Жыйнагы

"Жасалма интеллект" сахнада ырдай алабы? | Сыймык Бейшекеев | Ernis Kyiaz Podcast
▶︎

"Жасалма интеллект" сахнада ырдай алабы? | Сыймык Бейшекеев | Ernis Kyiaz Podcast

Ыраймаалы менен Бегимайдын махабаты
▶︎

Ыраймаалы менен Бегимайдын махабаты

ИЛЕ КЫРГЫЗДАРЫ КАНДАЙ ЖАШАШАТ? / ТЕКЕСТЕГИ КЫРГЫЗДАР КАНДАЙ ТУРУШАТ? КӨК-ТЕРЕК / ЫДЫРЫС ИСАКОВ /
▶︎

ИЛЕ КЫРГЫЗДАРЫ КАНДАЙ ЖАШАШАТ? / ТЕКЕСТЕГИ КЫРГЫЗДАР КАНДАЙ ТУРУШАТ? КӨК-ТЕРЕК / ЫДЫРЫС ИСАКОВ /

Тарыхта калчу айтыш / Элмирбек Иманалиев & Балгынбек Имаш / УТРК казынасынан
▶︎

Тарыхта калчу айтыш / Элмирбек Иманалиев & Балгынбек Имаш / УТРК казынасынан

ЧООЧУН АЯЛ - Сыймык Бейшекеев \ жаңы клип 2021
▶︎

ЧООЧУН АЯЛ - Сыймык Бейшекеев \ жаңы клип 2021

Элмирбек Иманалиев  акыркы ырлары
▶︎

Элмирбек Иманалиев акыркы ырлары

Гулжигит Сатыбеков -  Коштошуу
▶︎

Гулжигит Сатыбеков - Коштошуу

Элмирбек Иманалиев, Күн чыгат кайра кайра,Мен чыкпай батып барам
▶︎

Элмирбек Иманалиев, Күн чыгат кайра кайра,Мен чыкпай батып барам

Эмне үчүн ЦУМ мамлекетке өтүш керек? / Илим Карыпбеков / Exclusive Podcast
▶︎

Эмне үчүн ЦУМ мамлекетке өтүш керек? / Илим Карыпбеков / Exclusive Podcast

Таалай Бектургановду ким өлтүргөн?
▶︎

Таалай Бектургановду ким өлтүргөн?

Сыймык Бейшекеев _Все хиты #лучшиепесни #музыкавмашину #кыргызча
▶︎

Сыймык Бейшекеев _Все хиты #лучшиепесни #музыкавмашину #кыргызча

Аалы Туткучев баарын ыйлатты Элмирбек Иманалиевтин акыркы айтышы
▶︎

Аалы Туткучев баарын ыйлатты Элмирбек Иманалиевтин акыркы айтышы

Нурсултан Малдыбаев / Даниэлге / жаны ыр 2024
▶︎

Нурсултан Малдыбаев / Даниэлге / жаны ыр 2024

😱 КАЙФ ЗАМАН кайра ХИТ болду! 🔥 | Сагынбек Момбеков Cover 2026
▶︎

😱 КАЙФ ЗАМАН кайра ХИТ болду! 🔥 | Сагынбек Момбеков Cover 2026

Хит ырлар - Сыймык Бейшекеев
▶︎

Хит ырлар - Сыймык Бейшекеев