Азаттык: Кечки радио эфир | 2.03.2024
Бишкектин четиндеги Мурас-Ордо жаңы конушунда беш бала тоңуп калган көлмөдө ойноп жатып сууга түшүп кеткен. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, үч баланы жергиликтүү тургундар суудан өз алдынча алып чыгып, "Тез жардам" кызматына өткөрүп беришти. Куткаруучулар суудан эки баланын сөөгүн алып чыгышты. ӨКМ сууга түшүп кеткен балдардын жашы тууралуу маалымат берген жок. Балдарды суудан куткаруу иштери тартылган видео социалдык тармактарга тарады. Анда жергиликтүү тургундар мындай каргашалуу окуя биринчи жолу болуп жатпаганын, буга чейин дагы көлмөнү тосуп берүү өтүнүчү менен тийиштүү мекемелерге кайрылышканын айтышкан. _____________________________________________________________________ ЭСКЕРТҮҮ: Улут жана аймак аралык кастыкты козуткан, адамдын кадыр-баркына шек келтирген, уят сөздөр камтылган пикирлер өчүрүлөт. Биздин сайт - www.azattyk.org Instagram - / azattyk.kg / azattykmedia Фейсбук - / azattyk.org / azattyk Ютуб -https://www.youtube.com/channel/UCs_x... Телеграм - https://t.me/Azattyk_radiosu https://t.me/azattykrus
