Оң кылымдык Византия эмне үчүн кулаган?

ВИЗАНТИЯ ЭМНЕ СЕБЕПТЕН КЫЙРАДЫ? Византия империясы же Чыгыш Рим империясы, Орто кылымдарда эң күчтүү бийликтин үч борборунун бири болуп турган. Византия 395-жылы Рим империясынын бөлүнүүсүнүн натыйжасында пайда болгон өлкө. 395-1453-Мухаммад Ал Фатих багынткан жылга чейин т.а. дээрлик 10 кылымдан ашуун өмүр сүргөн бул империянын аймагы аябагандай чоӊ чөлкөмдү камтыган. Византиянын курамына Балкан жарым аралы, Кичи Азия, Сирия, Палестина, Египет, Киренаика, Месопотамия, Армениянын бир бөлүгү, Эге деӊизиндеги аралдар (Кипр, Крит, Родос ж.б.), Крым жарым аралынын жарымы кирген. Юстиниандын доорунда Византия империясы аябай өнүккөн. Анын падышачылыгы VI кылымда болгон жана ошол кезде империянын аймагы алда канча кеӊейген. Анын экономикасы узун жылдар боюнча Европа жана Эге деӊизиндеги эӊ күчтүү экономика болуп турган. Константинополь маданият жагынан дүйнөлүк борборго айланган. Калкынын саны боюнча да эӊ ири шаарлардын сап башында болгон. Индия, Иран, Кытай ж.б. мамлекеттер менен соода жүргүзүлгөн борбор дал ушул ошол кездеги Константинополь азыркы аталышы менен Стамбул шаары эле. Византия империясынын эӊ маанилүү өзгөчөлүктөрүнүн бири 1000 жылдан ашуун убакыт бою тирүү калуу мүмкүнчүлүгү болгон. Бул жетишкендик аймактын куралдуу коргонуусунун натыйжасында эмес, дипломатиялык ишмердүүлүктү ийгиликтүү жүргүзүүнү камтыган административдик мүмкүнчүлүктөрдүн натыйжасында болду. Мунун арты менен Византия империясы ар кандай маданияттардын өз ара аракеттенишине жол берген маданий көпүрө болуп турган. 29-май 1453 жылы сыпаттары хадистерде сүйүнчүлөнгөн инсан Мухаммад Ал Фатих тарабынан Константинополь осмондордун колуна өтүп, Стамбул атын алган. Акыркы император Константин XI ошол эле күнү согушта курман болгон. Константинополдун багындырылышы менен орто кылым доору аяктап, бүтүндөй Батыш чөлкөмүндө, атүгүл дүйнө жүзүндө кайра жаралуу (реннесанс) доору башталганын тарыхчылар айтып келишет. Византия империясынын чөгүшүнүн натыйжасында тарыхтын нугу алмашкан, өзгөргөн. Убагында дүйнөнүн борбору болуп турган Византиянын кыйрашына эмнелер себеп болгон. Келиңиздер тизмектелген факторлорду карап көрөлү.

Китеп "кыргынын" уюштурган батыш маданияты
▶︎

Китеп "кыргынын" уюштурган батыш маданияты

Басмачылык кыймылынын тарыхы
▶︎

Басмачылык кыймылынын тарыхы

Европанын колониалдык саясаты
▶︎

Европанын колониалдык саясаты

Мусулмандарды ичтен кемирген жамаат башчысы- Хасан Саббах
▶︎

Мусулмандарды ичтен кемирген жамаат башчысы- Хасан Саббах

МОНГОЛЫН ТҮҮХ #2 Модун шаньюйгаас өмнөх 1000 жил
▶︎

МОНГОЛЫН ТҮҮХ #2 Модун шаньюйгаас өмнөх 1000 жил

Алымкул  аталык.
▶︎

Алымкул аталык.

Кыргыз тили оңолобу же жоголобу?
▶︎

Кыргыз тили оңолобу же жоголобу?

Кыргыздар Иорданияда ЭМНЕНИ ОКУЙТ? | Базарбек уулу Нурсултан | Накта Подкаст
▶︎

Кыргыздар Иорданияда ЭМНЕНИ ОКУЙТ? | Базарбек уулу Нурсултан | Накта Подкаст

Византияны чөгөлөткөн- Харун ар-Рашид
▶︎

Византияны чөгөлөткөн- Харун ар-Рашид

Генералга кылган жакшылыгым жакшылык менен кайтпады... | Максатбек Насиев | Ernis Kyiaz Podcast
▶︎

Генералга кылган жакшылыгым жакшылык менен кайтпады... | Максатбек Насиев | Ernis Kyiaz Podcast

Байыркы Рим
▶︎

Байыркы Рим

БАЙБАРС – КУЛЧУЛУКТАН СУЛТАНДЫКА ЖЕТКЕН ПАДЫША!
▶︎

БАЙБАРС – КУЛЧУЛУКТАН СУЛТАНДЫКА ЖЕТКЕН ПАДЫША!

УЧЁНЫЕ НЕ МОГУТ ЭТО ОБЪЯСНИТЬ… 11 ЗАГАДОЧНЫХ МЕСТ КАЗАХСТАНА
▶︎

УЧЁНЫЕ НЕ МОГУТ ЭТО ОБЪЯСНИТЬ… 11 ЗАГАДОЧНЫХ МЕСТ КАЗАХСТАНА

Кыйын доордун аалымы АБУ ХАНИФА!
▶︎

Кыйын доордун аалымы АБУ ХАНИФА!

Кавказдын бүркүтү- Шейх Шамил
▶︎

Кавказдын бүркүтү- Шейх Шамил

7-класс | Тарых | Византия империясы (V – XV кк.).  Батыш өлкөлөрүнүн IX к. – XI к. маданияты
▶︎

7-класс | Тарых | Византия империясы (V – XV кк.). Батыш өлкөлөрүнүн IX к. – XI к. маданияты

Осмон дөөлөтүн түптөгөндөр Манас атабыздын чоролорубу?
▶︎

Осмон дөөлөтүн түптөгөндөр Манас атабыздын чоролорубу?

Listen and Feel the Peace | Tibetan Healing Sounds for Deep Meditation, Inner Peace & Soul Healing
▶︎

Listen and Feel the Peace | Tibetan Healing Sounds for Deep Meditation, Inner Peace & Soul Healing

Президентке үндүк белек тартуулаган айылдык фермер келин /ПОДКАСТ ШОУ
▶︎

Президентке үндүк белек тартуулаган айылдык фермер келин /ПОДКАСТ ШОУ

Европаны багындырган - Тарик бин Зийад
▶︎

Европаны багындырган - Тарик бин Зийад