"1700 соодагер сыздап жатабыз"/ "Мадинадагы" чуу, президентке кайрылуу
Кыргызстандагы ири базарлардын бири "Мадинанын" соодагерлери "сыздап жатабыз" деп президент Садыр Жапаровго кайрылышты. Анткени аларга базар жетекчилиги менен мэрия билдирүү жөнөтүп 1-августка чейин соода жайларын бошотуп чыгып кетишин талап кылган. Альтернатива катары жанында курулган базардан жаңы орундары сатып алуу сунушталууда. Бирок соодагерлер ал жер өтө кымбат, тагыраагы 1 чарчы метри 3000 долларга жетерин, эгер ижарага турам десе чарчы метри 20дан 40 долларга чейин болорун айтууда. Мындай шартта сатып алса бир орун 200 миң доллардай, ижарага турса айына 150-200 миң сом төлөшү керектигин билдиришти. "Жакшынакай иштеп жаткан базардан бизди эмнеге сүрүп чыгарышат? Бизди ордубузда калтыргыла. Мында 1700 соодагер бар, ар бир жайда беш-алтыдан адам иштейт. Демек 10 миңдей адамдын тагдыры турат. Жаңы базарында шарттары дагы жок, мал сарайдай кылып эле куруп коюптур. Урматтуу президент, ишкерлерди колдойбуз деп ар дайым айтып келесиз. Биз дагы чакан ишкербиз, үнүбүздү угуп коюңуз. Жөндөн-жөн эле эмгегибизге күйүп жатабыз", — деп кайрылышты соодагерлер. Аларга мындай чечим күтүүсүз болгонун белгилешти. Анткени бирөө бир ай мурда эле 30 миң долларга контейнер сатып алган экен. Дагы бири эки жыл мурун 60 миңге алганын айтууда. "Бул жакты таштагыла да, чыккыла" деп жатат. Биз эмне кайра-кайра сатып алып эле жүрө беребизби? Жок дегенде ошол жактан орун берсин", — деп нааразы болушту. Мэрия жиберген билдирүүдө "Мадинада" оңдоп-түзөө жана курулуш иштери жүргүзүлөрү жазылган. Бирок базар канча убакытка жабылары көрсөтүлгөн эмес. 22-июлда калаа мэри Айбек Жунушалиев соодагерлер менен жолугуп алардын талаптары эске алынарын убадалаган. Бул боюнча комиссия да түзүлгөн.

ТАЛАСКА БАРДЫМ, ТАҢ КАЛДЫМ | ТАЛАСТА АЗЫР АКЧА БЫРРР I ЫДЫРЫС ИСАКОВ

Former Head of Shin Bet: Ami Ayalon on Israel vs Palestine - Jung & Naiv: Episode 839

Күйүүчү май боюнча өкмөттүн ыкчам чечими/// Биздин ЭКОНОМИКА

Элге да, мэрге да пайда... Балдар аянтчасын курам деген ишкер өзгөчө сунуш менен кайрылды

"I came to the nursing home myself, I was the manager at the time"

Жарнаманын адал жолу кандай? | Абд-Эль Сагынбек уулу | Умар Кыргыз

How China is already living in an EV future | Foreign Correspondent

The war on Iran showed limits of America's power abroad | Vali Nasr | The David Hearst Podcast

КЫТАЙДАГЫ КЫРГЫЗДАР КИМДЕР? | УЛУУ-ЧАТ КЫРГЫЗДАРЫ | ЫДЫРЫС ИСАКОВ

Арашан: пирамидабы же миллиондук бизнес? | Чекит

Chichvarkin Saves Putin | Vitaly Portnikov

Сағыз құрамасы | ШӘЙ ӘҢГІМЕ 53

21 senador, dumalo sa pagbubukas ng second regular session

Тору-Айгырдагы күн электр станциясы! Жергиликтүү тургундар эмнеге нааразы? // 2-бөлүм!

КЫЗЫКТУУ ОКУЯ: ЭҢ БИРИНЧИ ДЕМ САЛУУ УШУНДАЙ БОЛГОН!

Egypt struggles to cope with heatwaves

The Journey To Ethiopia’s Most Dangerous Regions - Tigray & Afar 🇪🇹 (military tensions and crime)

Kazakhstan - STREET FOOD | What do Kazakhs eat? 🇰🇿 Street Food Kazakhstan

Кытайлар курган завод тоодой таштандыны кантип жоготот? Мэр Жанар Акаев менен маек

