Мектеп мугалимдери 70 миллион сомдук курулушту сынга алышты
Нарын облусунун Жумгал районунун Баш-Кууганды айылындагы Шатман Садыбакасов атындагы орто мектебинин жаңы имараты үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрында ачылып, пайдаланууга берилген. Ал мектептин тышындагы дубалдар бүгүнкү күндө тешилип, оюлуп, айрым курулуш шыбактары түшө баштаган. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди. Мектептин жамааты убагында арзан материалдар менен курулуп, шашылыш эле бүткөн мектептин сапатына нааразы болуп чогулуп, аны курган компаниянын өкүлдөрүнө сын айтышты. Мектептин мугалими Доктурбек Иманалиевдин айтымында мектеп сапатсыз курулган. Учурунда курулушчуларга айтып жатып оозу тешилген. "Сапатсыз бүттү бул мектеп. Мектептин экинчи кабатка чыкчу тепкичти көрсөңөр эптеп эле, темирлери оркоюп чыгып калган, аларга кийимдер илинип, кооптуу болуп жатат. Жеринде калайлар, аларга буттары илинип чалынып жатышат. Спорт залдын артында суу толгон, дубалдары урап, тешилип калган. Эшиктеринин кармагычтары эпеп эле. Биз муну 10 жыл керек болсо элүү жыл күткөнбүз. Даартканага киргизген жокмун иштебесе кантип кигизем. Спорт залдын душуна жуунган окуучу жок. Ушуларды карап жакшы эле сапаттуу куруп беришпейт беле",- деди Д.Иманалиев.

Ташиев баштаган сегиз адамдын сот өкүмү

Рыспай Абдыкадыровдун жубайы: “Ала жипти аттоо, ата-энемдин каршылыгы бизди ажыраштырды”

ЭРУЛАН КОКУЛОВ: « МЕН МЫНДАЙЖОМОКТО ЖАШАГЫМ КЕЛБЕЙТ»

Кочкордогу жолугушуу: Президент элдин арыз-арманын ачык укту (1-бөлүм)

А. ЖАПАРОВ ЖУМГАЛ РАЙОНУНДАГЫ Ш. САДЫБАКАСОВ АТЫНДАГЫ МЕКТЕПТИН ЖЫЛЫТУУ МЕЗГИЛИНЕ ДАЯРДЫГЫН ТЕКШЕРДИ

Эрулан Кокулов в Кадастровой службе поспорил с сотрудником охраны

Most Cheap Street food in Afghanistan | Kabuli pulao, Roasted Chicken, Biryani recipe, Punjabi Curry

Өрттөнүп өлөм: Жумгалда жерин алдырган эне, жасалган документ

5 politicians released from the courtroom

Токтогулдагы жыйында эне жана кыздын ортосунда талаш жаралды

Ташиев кутулдубу же тутулдубу?

ОШТОГУ ЛӨЛҮ ТЕКТҮҮЛӨРДҮН БИР КҮНДҮК ЖАШООСУ

Бүтүрүүчү мектептин системасын сынга алды

Ахбори Тоҷикистон ва ҷаҳон (02.07.2026) اخبار تاجیکستان )

MOST CHEAP STREET FOOD IN AFGHANISTAN | KABULI PULAO | ROAS CHICKEN | BIRYANI RECIPE | STREET FOOD

Ташиевди президент кылабыз УШУЛ КИШИЛЕР жарга түрткөн ЧОН СЫРДЫ ачыктап катуу жарылды

Ташиев эми ЭЛДИ ТОПТОП төңкөрүш жасайбы? Ажоо ҮН КАТЫП катуу жарылды

МОЩНЕЙШИЙ ВОЕННЫЙ БОЕВИК НА ОДНОМ ДЫХАНИИ! ЗЕНИТКИ МОДЖАХЕДОВ ПРОТИВ НАШЕЙ АВИАЦИИ!

Чек ара чырынан кийин Лейлектен Сокулукка келген тургун президенттин өкүлүнөн жер тилке сурады

