Обончу Калмурат Рыскуловду бирге окуган группалаштары эскеришет…
Көрүүчүм! Алгач колдоо катары каналга катталып коюну унутпаңыз. Мен сиз кызыккан адамдар менен жолугуштурууну убада кылам. Обончу Калмурат Рыскулов менен жалындаган студенттик жылдарда тааныштым. Таанышпай эмне, бир группада окудук. Анча ачылып көп сүйлөбөгөн, түнт жигиттей көрүнчү мага анда. Калмураттын жан-дүйнөсү жумшак, баладай байоо, анан айыкпаган жарааты бардай сезилчү. Ошол 1-курста эле колуна комуз алып, муңдуу обон созчу... Мен үйдө жашап, сабакка келип-кеткеним эле болбосо, жатаканын шандуу жашоосуна, группалаштарымдын ыр-күлкү,таң-тамашасына көп аралаша албай калдым. Жылдар өтүп, Калмурат чоң обончу, аткаруучу болду. Бирок, мен аны убагында аңдап түшүнө албай калдым... Жанчылган жан-дүйнөсүн тыңшап, колумду сунуп жардам бере албадым... Калмурат аны айтат беле, айтпайт беле... Студенттик алтын куракты бирге баштаган , бир группада окуган Калмурат арабыздан кеткенине 20 жыл болуптур... Быйыл сен 50 жашка чыкмаксың... Бир топ аралык. Отузуңда ойрон болгон Калмурат, биз сени группалаштар чогулган жерде дайым эстейбиз, кыял жоруктарыңды айтып күлөбүз, кайра аттиң ай деп өкүтүбүздү айтабыз... Группалаштар сени эстешти... Айтмакчы, 9-декабрда Кыргыз улуттук драма театрында обончу Калмурат Рыскуловду эскерүү иш чарасы өтөт... КАНАЛДЫ КОЛДОО МАКСАТЫНДА ЖАЗЫЛЫП КОЮҢУЗ! КалмуратРыскулов#МайрашБазлакунова

Тынчтыкбек Конушбаев:Миллиондорго жеткен жол, саясаттагы саткынчылык, ийгилик артындагы ачуу чындык.

"Манас" 1- эфир. Бала эңсеген бай Жакып. Бизди колдойм десеңиз: МБАНК +996550655209

Кайрык кубалаган Калмурат

Керемет обондордун автору Калмурат Рыскуловду эскерүү кече

Маман айылына 180 жыл

Frequency Of God 963 Hz ✨ Attract Miracles, Divine Blessings & Deep Inner Peace In Your Life

"Көп ырлары сакталбай калды". Обончу Калмурат Рыскуловду эскерүү

Токтогул менен Барпынын айтышы Тарыхта калган классикалык айтыш

Ыраймаалы менен Бегимайдын махабаты

Майрамбек Осмонов:өмүрдүн баасы,бакыт, ата болуу,киреше, саясаттын жүзү,кечирим,жаңы обондор жб ж-дө

God Says:"STOP HERE — LISTEN AND HEAR ME SPEAK"/God Message Now/God Message

Калмураттын керемет кайрыктары // УЛУУ КӨЧ берүүсү

Калмурат Рыскулов – Күтүү

Jenishbek Jumakadyr: The ups and downs of the art of weaving, longing in the heart, love, hope, t...

🤣Нурсултан & Жамайка МЫКТЫ АЙТЫШ 2026!!!

Акыл Куштаев, Улан Качкыналиев - "Кошуна кыз"

ЗАРДАЛЫ БАЯНЫ:НЫШАНБАЙ КЕСКЕН ТАШ| АКМАТБЕКТИН ТООСУ

Бегимай менен Раймаалынын айтышы (HD). "Махабат дастаны" тасмасынан.

Майра Керим кызы / Төкмө акындын акыркы бейнеси / Архив

