Нарын облусу, Ак-Талаа району. Кара-Бүргөн (Жеңиш) айылы. 1989-жылкылардын мүчөлүү жылы.
Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Кара-Бүргөн айылынын 1989-жылкы жигиттери мүчөлүү жылына карата волейбол мелдешин уюштуруп, жеңүүчүлөр аныкталды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди. Маалым болгондой, аталган айылдын 1989-жылы туулган жигиттер мүчөлүү жылынын урматына 3-4-январь күнү спорттун волейбол түрү боюнча ири мелдеш уюштурушуп, мелдеш үч этапта өткөрүлдү. Тактап айтканда, 30 жашка чейинки эркек муундар арасында, 30 жаштан жогорку эркек муундагылар арасында жана кыз-келиндер арасында өткөрүлдү. Эркектер арасында өткөн волейболдун баш байгесине "ВАЗ 2105" жана "Нексия" үлгүсүндөгү автоунаалар коюлса, ал эми кыз-келиндедин баш байгесине кир жуугуч машина коюлду. Жеңүүчүлөр; 30 жашка чейинки жаштар арасында; 1-орунду 2000-жылкы жигиттердин командасы багындырып, баш байгеге "ВАЗ 2105" автоунаасын утуп алды. 2-орунду 2001-жылкы жигиттердин командасы, 3-орунду 2005-жылкы жигиттер командасы, 4-орунду 1998-жылкы жигиттердин командасы камсыздады. 30 жаштан жогоркулар арасында; 1-орунду 1993-жылкы жигиттердин командасы багындырып, баш байгеге "Нексия" үлгүсүндөгү автоунаа утуп алышты. 2-орунду 1990-жылкы жигиттердин командасы, 3-орунду 1989-жылкы жигиттердин командасы, 4-орунду 1988-жылкы жигиттердин командасы ээледи. Кыз-келиндер арасында; 1-орунду 2006-жылкы кыздар командасы ээлеп, баш байгеге кир жуугуч машина утуп алды. 2-орунду 1987-жылкы кыздар командасы, 3-орунду "Жамал-Апа" бала бакчасынын командасы, 4-орунду 2004-жылкы кыздар командасы камсыздады. Ал эми, баш байге алган командалардан башка жеңүүчү болгон командаларга акчалай сыйлыктар, медаль, диплом жана баалуу белектер тапшырылды. Мындан тышкары, мыкты оюнчуларга жана спорттун өнүгүшүнө салым кошкон спорт сүйүүчүлөргө акчалай сыйлыктар ыйгарылды.

Ак-Талаа району. Кара-Бүргөн айылы. Эрмек Акунова көчөсүнүн "Ыр кесе" кечеси

КАРА-БҮРГӨН АЙЫЛЫНДА БОЛУП КӨРБӨГӨНДӨЙ ВОЛЕЙБОЛ ОЮНУ ӨТТҮ

Stories of Suffering and Resilience, with Paul Gasnier and Romain Lemire

Лахол айылынын тургундары Миң-Булак айыл аймагына кошулууга каршы чыгышты

Биздин айыл Ак-Талаа району, Кош-Добо айылы

М.Бостонбаев атындагы орто мектеби 40-жылдык юбилей

Алай Биримдиги 88дер

Кытай-кыргыз-өзбек темир жолун куруу Ак-Талаада башталды

Баетов айылынын тургуну Токтобү Жээнбаева эже колго дарылык самындарды жасоодо

Подарок Трампу на 80 лет/Немцы в фокусе Путина/Бундестаг в шоке от AfD/Германия «поздравила» Россию

EMPIEZA EL JUEVES CON FE | HOY DIOS TE DA PROTECCIÓN Y PAZ PARA TU FAMILIA | PADRE FREDDY BUSTAMANTE

Ичти эзген жаңы айтыш2026\\\\ Нурайым Бактыяр кызы VS Тынар Бураев

Жеңиш (Кара-Бүргөн) 1982-жылкы бүтүрүүчүлөрү.

"Ак-Талаа айымдары" кайрымдуулук фонду

Классташтар. Нарын. Кара-Кужур өрөөнү, Лахол айылы. 1996-жылкылар.

أذكار الصباح - راحة نفسية لا توصف بصوت القارئ علاء عقل | Morning Athkar - Dzkir Pagi by Alaa Aql

Чаң алдында калган Кара-бүргөн айылы

КАМЧЫБЕК ТАШИЕВ АК-ТАЛАА РАЙОНУНА БАРДЫ

НООКАТ & НААРЫН / 29_04_2024

